KazRoboProject-2020: казакстандык жаш ойлоп табуучулар 60 ашык долбоорду сунуштады

KazRoboProject-2020: казакстандык жаш ойлоп табуучулар 60 ашык долбоорду сунуштады

Төрт жылдан бери KazRoboProject-2020 илимий-техникалык долбоорлор кароо-сынагы бүткүл өлкө аймактарынан жаш конструкторлорду, таланттуу, аракетчил жаштарды издеп келет. Быйыл ал дистанциялык форматта өттү. Бирок бул жаштардын кызыгуусун азайткан жок. Өз долбоорлорун 90 ашык киши сунуштады, булар 60 ашык эмгекти түзөт. Өздөрүнүн ноу-хаусун алар бул жолу онлайн жактайт.

Ар бир долбоор – эки окуучу жана бир илимий жетекчинин эмгеги. Иш үстүндө катышуучулар жабдууларды долбоорлоо, схемаларды окуу, робот кураштыруу жана иштелип чыккан моделдерди программалоону өздөштүрүшөт. Алар конструкторлор менен алардын иш-милдеттеринин негизги компоненттерин үйрөнүшөт. Аны менен бирге, өз долбоорлорун түзүүнү жана каржылык бөлүгүнө көңүл буруу көндүмдөрүнө ээ болушат.

«Мектеп же студенттик долбоорун реалдуу шарттарда практикалык колдонуу мүмкүнчүлүгүнө жана максаттуу, системалуу даярдоо катышуучуларды рационализатордук ишмердүүлүктүн негизин түшүнүүгө, андан аркы кесиптик өнүгүүсүнө база түзөт. Биздин балдар келечекте илимий, инженердик-техникалык багыттарга байланыштуу кесиптерди тандайт жана Казакстанды жаңы экономикалык өнүгүү деңгээлине алып чыгат деп кыялданабыз», - дейт «КазРоботикс» федерациясынын президенти Айжан Жекеева.

Катышуучулар 10 жаштан 15 жашка чейинки өспүрүмдөр жана 16-21 жаш курагындагы жаштар. Алардын бардыгы тең Концепт жана Прототип номинациясы боюнча мелдешет. Биринчиси – бул түзүлүштүн макети, экинчиси – андан дагы жакшы модели. Бул долбоорлор келечекте сөзсүз ишке ашат дегенди билдирет. Азыр калыстар тобу мыкты эмгектердин авторлорун тандоодо. Ал эми жеңүүчүлөрдү сыйлоо Биринчи Президенттин фондунун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча аяк оона айында болот.

 

Фото: lenta.inform.kz