Карантин санариптик трансформацияны тездетти: шаарларда акылдуу технологиялар жигердүү өнүктүрүлүүдө

Карантин санариптик трансформацияны тездетти: шаарларда акылдуу технологиялар жигердүү өнүктүрүлүүдө

2020-жыл өлкөдө акылдуу технологиялардын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизди. Серепчилердин айтымында, акыркы убакытта санариптик демилгелерге карата делген көз караш өзгөргөн. Зерде холдингинин адистеринин айтымында, Казакстанда ушул багытта 100дөн ашык долбоор ишке ашырылууда. Негизинен мамлекеттик кызматтарга артыкчылык берилет. Алардын бардыгын санариптештирүү керек дешет адистер. Бул жакынкы аралыкта жумуш форматын өзгөртүү жөнүндө ойлонбогон көптөгөн инстанциялар онлайн режимине өтүшү толук  мүмкүн деген сөз.

«Шаар тургундары санариптештирүүнүн артыкчылыктары жөнүндө ойлоно башташты жана бул багытта ишти күчөтүштү. Айрыкча быйыл жигердүү. Шаарлар менен борбордук мамлекеттик органдар арасында тажрыйба алмашуу күндөлүк турмушка айланган. Ар бир акимчиликте шаарды санариптештирүү менен алектенген акимдин орун басары бар. Санариптештирүү демилгелерге ушул жылдан бери өзгөчө көңүл бурулуп жатканы байкалат», - дейт «Зерде» улуттук маалыматтык коммуникациялык холдинги башкармалыгынын төрагасынын орун басары Аян Дүйсебаев.

Биринчи кезекте шаарлар адамдар үчүн ыңгайлуу болушу керек дешет адистер. Башкача айтканда, санариптештирүү турмуштун бардык чөйрөлөрүн камтып, кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүү болушу керек.

«Учурда коомдук транспортко жол акысын онлайн режимин киргизүү долбоору каралууда. Жер мамилелерин санариптөө жүрүп жатат. Буга санариптик кызматтар аркылуу жер бөлүштүрүү кирет. Быйыл 100% санариптештирүү милдети турат. Мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу боюнча да иштер жүрүп жатат», - деп маалымдады Аян Дүйсебаев.

Ошондой эле, шаардагы коопсуздук деңгээлин жогорулатууга багытталган көптөгөн долбоорлор бар. Алардын алкагында жолдорго жана коомдук жайларга кошумча видео байкоо камераларын орнотуу сунушталууда. Жалпысынан бүгүнкү күндө шаар тиричилиге тиешелүү 11 чөйрөсүндө санариптик технологиялар киргизилүүдө.

«Саламаттык сактоо жана билим берүү тармагында санариптештирүү боюнча долбоорлор бар. Пандемия дистанттык окутуу жаатында ишти активдештирүү зарылдыгын көрсөттү. Учурда онлайн билим берүү аянтчасын иштеп чыгуу маселеси каралууда», - дейт ал.

 

Фото: bigdataschool.ru