Siri менен Alexa казак тилинде сүйлөйт

Siri менен Alexa казак тилинде сүйлөйт

Назарбаев Университетинин Интеллектуалдык тутумдар жана жасалма интеллект институтунун окумуштуулары казак тилинде сөз таануу жана сөз синтездөө технологияларын казак тилинде колдонуу үчүн үн маалыматтарын чогултууну башташты. Университеттин басма сөз кызматы билдиргендей, бул технологиялар Siri, Alexa жана Cortana сыяктуу белгилүү виртуалдык жардамчыларда колдонулат. Келечекте бул маалыматтар жыйынтыгы казак тилинде башка программаларды жана тиркемелерди түзүү үчүн керектелет.

«Бул долбоорго адамдардын катышуусу өтө маанилүү. Окумуштуулар аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн коомчулуктун арасынан добуш жыйноосу кажет. Катышуучулар шилтеме боюнча өтүп, көрсөтмө менен таанышып, экранда көрсөтүлгөн сунуштарды казак тилинде үн чыгарып окушу керек. Азыркы учурда добуш жыйноо жигердүү жүрүп жатат», - деп кабарлайт ЖОЖ.

Долбоорду иштеп чыгуучулардын айтымында, канчалык көп адам катышса, илимпоздор тезирээк жаңы программаларды иштеп чыгышат. Белгилей кетсек, долбоорго катышууну каалагандардын мүмкүнчүлүгү чексиз. Долбоорго катышуу үчүн  бул шилтеме аркылуу өтүү керек.

 

Фото: tumba.kz