Казакстандык стартапка 100 миң доллар инвестиция тартылды

Казакстандык стартапка 100 миң доллар инвестиция тартылды

Карантин IT-стартаптардын өнүгүшүнө түрткү берди. Өзгөчө кырдаал учурунда үйдө отурууну каалабаган активисттер өз идеяларын ишке ашыруунун жолдорун издешти. Алардын көпчүлүгү мыкты жолдорду таап, өз долбоорлорун рынокко сунуштоого жетишти. Өткөн жылдын аягында ишке кошулган демилгелер дагы өнүгүүнүн жаңы багыттарын тапты. Алардын бири - ата-энелердин балага көз салган мобилдик тиркемеси. Бүгүнкү күндө ал дүйнөлүк рынокко чыкты. Долбоордун авторлору бул идеяны эл аралык деңгээлге жеткирүү үчүн Британиядан 100 миң долларлык инвестиция тартты. Геотрекингдин негиздөөчүсү Асат Ашаманов биздин каналга берген маегинде тиркеменин мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди.

Эске салсак, мобилдик тиркеме Казакстанда өткөн жылдын  бирдин айында кеңири тааныла баштаган. Ал ата-энелердин балдары кайда экенин билиши үчүн иштелип чыккан. Ошондой эле, ал балдарды өзүн-өзү өнүктүрүүгө жана пайдалуу нерселерди жасоого шыктандырат.

«Бүгүнкү күндө биздин тиркеме 170 миңден ашык  жолу жүктөлгөн. Алардын 20% - казактар, 74% - орустар, 6% - КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн колдонуучулары. Жалпысынан 26 миң жигердүү колдонуучу катталган», - дейт Асат Ашаманов.

Эми ойлоп табуучулар дүйнөлүк рыноктун булагын карап жатышат. Долбоорду Израиль, АКШ жана Улуу Британия мамлекеттерине жайылтуу көздөлгөн. Колдонмо дүйнөнүн 11 тилине которулган. Тартылган инвестициялар бизнести өркүндөтүүгө жумшалат.

«Ушул жайда биз баланын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган интерактивдүү онлайн оюндарын кошобуз. Белектерди биздин балдар дүкөндөрүнүн демөөрчүлөрү берет. Учурда бир катар дүкөндөр менен ушундай келишимдердин үстүндө иштеп жатабыз. Мунун акысына биз аларды жарнамалайбыз», -  дейт долбоордун негиздөөчүсү.

Долбоорду ишке киргизерден мурун стартапчылар чет элдик альтернативдүү моделдерди кылдаттык менен изилдеп чыгышканын айтышат. Дүйнөлүк версияны колдонуучулардын 10-15% балдар. Ата мекендик авторлордун айтымында, максат өспүрүмдөрдүн кызыгуусун арттыруу болуп саналат.

«Биз атаандаштарыбызга караганда үч эсе көп туруктуу кардарлар базасын сактоого умтулабыз. Ата-энелердин айтымында, мобилдик оюндар баланын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Биз бул пикирди тескерисинче калыптандырган таанымдык оюндарды түзүүнү мерчемдеп жатабыз», - дейт Асат Ашаманов. 

Казакстандык инвесторлор бул долбоорду ушул жылы дүйнөлүк рынокто ишке киргизүүнү мерчемдешүүдө. Кийинки 6 айда тиркеме кеминде эки миллион жолу жүктөлөт деп болжолдонууда. Жигердүүлүк 30%дан кем болбошу керек. Бул стартап Astana Hub акселерациялык программасынын катышуучусу экендигин белгилей кетүү зарыл.

 

Фото: kapital.kz