Көргөзмө индустриясындагы жаңы тренддер: Азиядагы ири соода жарманкеси онлайн өтөт

Көргөзмө индустриясындагы жаңы тренддер: Азиядагы ири соода жарманкеси онлайн өтөт

Коронавирус пандемиясы жашоонун бардык чөйрөлөрүнө таасирин тийгизди. Бүгүнкү коомдо социалдык аралык, өзүнчө обочолонуу жана эпидемиялык көзөмөл кадимки көрүнүшкө айланса, ал эми дүйнөлүк экономикада санариптештирүү жана ноу-хау жаңы стандарттарга өтүүдө. Технологиялык жана реформалык чечимдерди кабыл алгандар сыртта калбай турганы белгилүү. Мисалы, онлайн- форматка жапырт өтүү көргөзмө индустриясынын ири оюнчуларын өз стратегияларын өзгөртүүгө мажбурлап жатат.

«Биз жарманкенин сайтын жасоо менен эле чектелип калбайбыз. Биз иш-чаранын жаңы концепциясын иштеп чыктык. Big data, булуттуу эсептөөлөр жана жасалма интеллект сыяктуу технологияларды колдондук. Онлайн билдирүү алмашуу куралдары, беш миллионго чейин жеке чат-бөлмөлөрүн ачуу мүмкүнчүлүгү көргөзмөгө катышуучулардын үзгүлтүксүз байланышуусуна  шарт түзөт», -дейт Кытайлык импорттук-экспорттук жарманкенин уюштуруу комитетинин өкүлү Сюй Бин.

Жаңы сунуштар ишкерлерди канааттандырган. Алар толук кандуу онлайн-берүүлөргө даярданып жатышат. Ишкерлер онлайн-көргөзмөнүн натыйжалуулугу жогору болот деп ишенишет.

«Бул жерде убакыт жана павильондун аянты сыяктуу чектөөлөр жок. Биз станоктор жана башка дагы шаймандарды чыгарабыз. Мурда биз өзүбүздүн өнүмдөрдүн аз гана түрүн көргөзмөгө коюп келсек,  эми интернет колдонуучулары бардык шаймандарды көрө алышат. Мындан тышкары, биз аларга өзүбүздүн өндүрүш процессибизди көрсөтө алабыз», -  дейт көргөзмөнүн катышуучусу Гу Цзинь.

Электрондук форматка өтүү көргөзмө индустриясын түп-тамырынан бери өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн дешет адистер. Азыр кооз стенд, павильонго керектүү аймак жана натыйжалуу жер издөө сыяктуу маселелердин мааниси жоголду. Негизги көңүл өнүмдөргө бурулууда. Эми аны бир эле учурда дүйнөнүн булуң-бурчундагы сатып алуучулар көрө алышат.

 

Фото: event.ru