Ерлан Тургумбаев: Электрондук билериктерге зарылдык жок

Ерлан Тургумбаев: Электрондук билериктерге зарылдык жок

Технологиянын дагы оң жана терс жагы бар. Экс-министр Калмухамбет Касымовдун убагында ноу-хау деп таанылып, жыл сайын 6 миңге жакын адамды көзөмөлдөйт делинген электрондук билериктер Тургумбаевдин тушунда керексиз болуп калды. Жазасын өтөп чыккандар келечекте смартфондор аркылуу көзөмөлгө алынат, дейт Ички иштер министри.

«Бүгүнкү күндө электрондук билериктин кереги жок болуп калды. Себеби, баарында смартфон бар. Биз ал смартфонду ички иштер органдарында каттап койсок, каттоодо турган бардык адамдардын кайсы жакта жүргөнүн байкай алабыз. Мисалы, FaceTime менен анын кайда жүргөнүн көрүүгө болот», - дейт Тургумбаев.

Келечекте ички иштер чөйрөсүндө электрондук шаймандарды колдонуу кеңеет. Мисалы, казакстандыктар транспортторун жеке күбөлүгү менен гана башкара алышат. Эгер мыйзам долбоору жылдын аягына чейин парламенттен өтүп калса, анда 2021-жылдын үчтүн айынын 1нен тартып жеке жактын күбөлүгүнөн башка эч кандай документтерди албастан транспорт каражаты менен жүрүүгө болот.

«Транспорт каражаттарына байланыштуу документтер, айдоочулук күбөлүк боюнча өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев жазында программа иштеп чыгууну тапшырган. Биз аны интеграцияладык. Бүгүнкү күндө ал бизде бар. Өзгөчө кырдаал  учурунда биз аны толугу менен өткөрүү пункттарында сынактан өткөрдүк», – деди Ерлан Тургумбаев.

Ички иштер министринин айтымында, бүгүнкү күндө жол полиция кызматкерлеринде 13 миң электрондук планшет бар. Бул электрондук шайман жеке жактын, унаа каражаттарынын, камсыздандыруу компаниясынын, маалымат базасынын, унааны техникалык кароодон өткөрүү жөнүндө документ жана жарандарды тейлөө борборлору менен «Жарандар үчүн Өкмөт» мамлекеттик корпорациясында катталган башка да каттоо документтеринин базасында интеграцияланган.

 

Фото: opengsm.com