1-класска документтерди онлайн кабыл алуу башталды

1-класска документтерди онлайн кабыл алуу башталды

1-класска кабыл алуу системасы санариптештирилүүдө. Эми ал үчүн eGov.kz порталы аркылуу электрондук түрдө документтерди тапшырууга болот. Кулжа айынын биринен баштап мектеп босогосун аттай турган окуучулардын арыздары онлайн режимде кабыл алынат. Бул тууралуу РКнын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки жана орто билим берүү комитетинин төрайымы Майра Мелдебекова Facebook баракчасындагы түз эфирде билдирди. Жаңы санариптик платформа аркылуу баланы бир мектептен башкасына виртуалдык өткөрүү мүмкүнчүлүгү да каралган. Бүгүнкү күнгө чейин тутумга келип түшкөн арыздардын жалпы саны миңден ашты. Бул жагынан Нур-Султан жана Алматы шаарларынын ата-энелери жигердүүлүгүн көрсөтүүдө. Колдонуучулар жаңы түзүлгөн тутум тиркемеге жүктөлбөй жатканын байкашкан. Адистер  көйгөйлөр бар экенин жана алар өз убагында чечилип жатканын айтышууда.

«Техникалык көйгөйлөр көп. Демек, бул бир гана eGov.kz порталынын кемчилиги эмес. Жергиликтүү интернеттин иштешине же талап кылынган документтер толук же туура эмес чогултулганына жараша. Ошондуктан, ата-энелер арызды мурдагыдай эле кагаз түрүндө бере ала турганын дагы бир жолу кайталап айткым келет», - дейт Майра Мелдебекова.

 

«Биз электрондук форматта документ жүгүртүү тутумун ата-энелер үчүн болушунча ыңгайлуу кылып түздүк. Билим берүү жана илим министрлиги бул кызматты биринчи жолу ишке киргизгендиктен аягына чыгаруу керек. Ал үчүн алдыда дагы жумуштар бар», - деди РКнын билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформациялоо департаментинин мүдүрү Канат Кенбай.

Мектепке кабыл алууга керектүү документтер баш оона айына чейин тапшырылышы керек. Арыз берүү үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү, саламаттыгы тууралуу 063/у аныктамасы жана 3×4 форматындагы эки сүрөтү болушу зарыл.

Мектепке алгач өздөрү жашаган кичи райондун окуучулары кабыл алынат. Быйылкы талапка ылайык, эгерде ар бир үчүнчү бала мектептин жанындагы үйлөрдөн алынса, төртүнчү бала башка райондордон, а түгүл башка шаарлардан келиши мүмкүн. Мындай учурда окуучунун туруктуу жашаган жери боюнча документ талап кылынбайт.