Казакстандыктардын документтери электрондоштурулат

Казакстандыктардын документтери электрондоштурулат

Жакын арада Казакстандын жарандары бир катар документтердин түп нускаларын өзү менен кошо алып жүрүү кажети болбойт. Учурда алардын укуктук альтернативалуу электрондук үлгүлөрү жасалып жатат. РКнын санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук министри Аскар Жумагалиев Фейсбук баракчасында смартфондордо бар документтердин тизмесин жарыялады.

«Өткөн аптада eGov мобилдик тиркемесиндеги санариптик документтер жөнүндө пост жарыяладым, ал тиешелүү мыйзам кабыл алынгандан кийин кагаз документтерине укуктук альтернатива катары колдонулат. Тиркемеге киргизилген документтерден тышкары, смартфонуңузда дагы кандай документтердин болушун каалайт элеңиз?-деген суроомо сиздерден көптөгөн сунуштар келип түштү. Ошонун негизинде тизме түздүк», - деп жазды министр.

Аскар Жумагалиев сунуштаган тизмеге жалпысынан 11 документти киргизүү мерчемделүүдө. Тактап айтканда, паспорт, айдоочулук күбөлүк, студенттик билет, унаа техникалык паспорту, аскердик күбөлүк, диплом, курал колдонууга уруксат, пенсиялык күбөлүк, мергенчилик күбөлүгү, майыптык күбөлүгү, кыймылсыз мүлккө техникалык паспорт сыяктуу документтердин юридикалык электрондук үлгүсү болот.

«Бул документтердин кээ бирлерин мобилдик тиркемеге киргизүү үчүн тийиштүү интеграцияны жүргүзүү  мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылдык. Бул маселени тездетүү үчүн мекемелер аралык комиссиянын алдыдагы отурумунда ушул маселени талкуулоону пландап жатабыз», - деди Аскар Жумагалиев.

Фото: baigenews.kz