Коронавирус менен күрөшүүдөгү технологиялар: казакстандык програмисттер 50дөн ашык жаңы IT-чечим иштеп чыкты

Коронавирус менен күрөшүүдөгү технологиялар: казакстандык програмисттер 50дөн ашык жаңы IT-чечим иштеп чыкты

Ата мекендик програмисттер өзгөчө кырдаал убагында жөн отурушкан жок. Алар кыска мөөнөт ичинде ондогон жаңы ІТ-чечим иштеп чыгышты. Учурда аларды казакстандыктар жигердүү түрдө колдонуп жатат. Долбоорлор технологиялык ноу-хаудан баштап социалдык-экономикалык болжолдорду жасоого байланыштуу. Мисалы, акыркылары коронавирус пандемиясы кезинде колго алган чаралардын натыйжалуулугун алдын ала эсептөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Жергиликтүү IT-компаниялар иштеп чыккан 53 долбоордун 15и саламаттык сактоо тармагында колдонулуп жатат. Алар MapCovid, RadiologyTrain ресурсу, COVID-19 Web-тиркемеси. Оору жуктургандар менен байланышта болгондордун жүрүм-турумун көзөмөлдөгөн SmartAstana тиркемесиндеги жаңы функция да бул тизмеге кирет. Аталган чечимдер дарыгерлерге да, жарандарга да пайдалуу. Мисалы, алар инфекция тууралуу конкреттүү ары туура маалыматты алууга көмөктөшөт.

Мамлекеттик кызмат тармагында 9 IT-чечим ишке кошулду. Алардын көбү казакстандыктардын жогорку суроо-талабына ээ. Мисалы, коронавирус симптомдору боюнча өзүнө-өзү диагностика жүрүгүзүүгө көмөктөшкөн онлайн-платформа.  Бүгүнкү күндө анын жардамын 777 адам колдонгон. ІТ-адистердин абдан маанилүү чечимдеринин бири – ЭЦКны онлайн жол менен алуу. Жыл башынан бери 3 миллион казакстандык үйлөрүнөн чыкпай туруп электрондук кызматтарды алган. 42 500 теңге социалдык жардамга арыз берүү процедурасын автоматташтырган да казакстандык програмисттер. Алардын жардамы менен 5 миллиондон ашык адам социалдык колдоого жетише алган.  

Ишкерликти колдоо жагы көңүлдөн тыш калган жок. Аралыктан аныктоого арналган Digital ID кызматы онлайн режимде кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Атап айтканда, 42500.enbek.kz порталы, help.coronavirus2020.kz, AituHome, OnayBazar, Dosmart.kz, HappyFood.

Билим тармагынла 7 тиркеме ишке берилди. Бул «Bilimland», «Kundelik», «Univer», «Platonus» же «Darynonline» билим платформалары.

 

Фото: roskomsvoboda.org