Казакстандыктарга транспортту онлайн каттоого мүмкүндүк берилет

Казакстандыктарга транспортту онлайн каттоого мүмкүндүк берилет

Казакстандыктарга транспортту онлайн түрдө каттоого мүмкүндүк берилет. Бул тууралуу борбордук коммуникациялар кызматындагы санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жайынын вице-министри Абылайхан Оспанов билдирди.

«Алдыдагы убакытта белгилүү кызматтын бири - авто транспортту каттоону онлайн режимде алмаштырабыз. Бул авто транспорт салонунан сатып алынган транспортторго тиешелүү. Эгер сиз транспортуңузду башка адамга сатып, аны кайрадан каттагыңыз келсе, аны электрондук өкмөттүн порталында жана  egov mobile  тиркемесинде ишке ашырууга болот», - дейт Абылайхан Оспанов.

Бүгүнкү күнгө чейин 85 миңден ашык казакстандык электрондук-санариптик кол тамганы аралыктан алган.

«Өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу  КККБ (калкка кызмат көрсөтүү борбору) жабылды. Ага карата борборго келбей электрондук-санариптик кол тамганы онлайн кандай алууга болот деген суроо пайда болду. Бүгүнкү күндө ЭСК электрондук түрдө жеке инсандарды биометрикалык ылайыкташтыруу жана бир жолку сыр сөз аркылуу алууга болот» - деп кошумчалады Абылайхан Оспанов.

Вице-министр дал ушундай платформа мыйзамдуу адамдар үчүн да ишке кошулганын атап өттү.

«1337 адам мыйзамдуу түрдө аралыктан ЭСК алды. ЭСК компьютерде, файлдык жиберүүнү алган кезде 1 жылга берилет. Эгер сиз жеке документиңизди колдонуп жатып, жазып алсаңыз, анын мөөнөтү 3 жылды түзөт. Азыркы учурда болжол менен 10 миллион мекендешибиз ЭСКны жигердүү түрдө колдонууда. Эгерде кимде - ким ЭСК унутуп калып жатса, аны жаңыртуу үчүн бардык механизмдер ишке ашырылган», - деп атап өттү Абылайхан Оспанов.

 

Фото: kolesa.kz