Күчөтүлгөн карантин санариптик технология аркылуу көзөмөлдөнөт

Күчөтүлгөн карантин санариптик технология аркылуу көзөмөлдөнөт

Өлкөдө күчөтүлгөн карантин режимин көзөмөлдөөгө санариптик технологиядагы жетишкендиктер тартылат. Мисалы борбордо «Smart Astana» тиркемеси аркылуу шаар тургундарынын кыймылын көзөмөлдөө көздөлгөн. Кошумча үйдө обочолонгон адамдар тууралуу маалыматты берүү менен катар географиялык абалдын өзгөрүшүн аныктоого мүмкүндүк берет. Нур-Султан шаар акиминин орун басары Малика Бектурованын айтымында, долбоор тийешелүү адистер тарабынан толук сынактан өткөрүлүп, саламаттыкты сактоо министрлигине жолдонгон. Ал эми Алматыда күчөтүлгөн карантин талабын сактабагандар "Сергек" камералары аркылуу аныкталып, жоопко тартылат. Бул тууралуу шаардык полиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов онлайн брифингде билдирди.

«Биз «Сергек» камералары тартып алган видео жазууларды колдонобуз. Бул камералар шаардын периметри боюнча бардык 27 блокпостто орнотулган. Биз мегаполиске кирип-чыккандарды байкайбыз жана планшеттерге киргизебиз. Ошондой эле, шаардын ичинде да, «Сергек» системасын колдонобуз. Бул видео жазуулар бизге сотто адамдын карантиндик режимди бузганын далилдөө үчүн керек», – дейт Қанат Таймерденов. 

 

Фото: kolesa.kz