«Мекендештер» санариптик китепканасы түзүлдү

Борбор калаадагы Улуттук академиялык китепканасында "Казак дүйнөсү" аттуу китептин электрондук варианты сунушталды. Анда чет элдик жазуучулардын казак диаспорасы жөнүндө жазган эмгектери, ошондой эле, 1937-1938-жылдары репрессияланып, тарыхый мекенине кайтып келген казакстандыктардын дил баяндары камтылган. Белгилей кетсек, санариптештирүүнүн аркасында эми бул эмгектер казак маданий борборлоруна жана чет жактагыларга да жеткиликтүү болуп калды. Ошондой эле, улуттук академиялык китепканасында "мекендештер" окуу залы ачылды. Ал - окурмандарды этникалык казактардын адабий эмгектери менен тааныштыруу максатын көздөйт. Аталган фонддо чогулган эки миңден ашык китеп Улуттук электрондук китепкананын техникалык базасынын негизинде санариптештирилет.

МАГАУИЯ САРБАСОВ, «МЕКЕНДЕШТЕР» ФОНДУНУН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- Бул ишти мындан ары улантабыз. Биз бул иш өз колдоосун табат деп ишенебиз. Мындагы башкы бир өзгөчөлүктөрдүн бири - китептердин бардыгы санариптештирилип онлайн жеткиликтүү болот. Башкача айтканда, ар бир боордошубуз, алыскы чет жакта жүргөн мекендештер интернет же уюлдук телефонунан кирип окуй алат. Бул долбоорду баштаардан мурда чет жактагы мекендештерибиздин кызыккан китептери боюнча сурамжылоо жүргүздүк.

САУЛЕШ НАЗЫРОВА, РКНЫН УАК ЭЛЕКТРОНДУК РЕСУРСТАРДЫ БАШКАРУУ  КЫЗМАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Казакстандын Улуттук электрондук китепканасына дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнүн колдонуучулары кирип турат. Азыркы учурда чет өлкөлөрдө жашап жаткан мекендештерибиздин адабият, этнография, тарыхтын ар кандай тармагындагы чыгармалары жыйналып жеткиликтүү болду.

Фото: inform.kz