3D – Казакстанда өндүрүлгөн өнүмдөр

Жаңы технологиялар коомдун керектөөсүнө кызмат кылат. Протездер, импланттар, пневматикалык курал-жарак, жабдууларга жардамчы бөлчөктөр, өнөр жай компоненттеринин прототиптери. 3Д принтери пайдаланылуучу багыттар ар түрдүү. Мындан бир нече жыл мурун алматылык адистештирилген компания 3Д моделдөөдөн баштап 3Д басма менен 3Д сканерлөөгө чейинки толук айлампалуу өндүрүштү ишке киргизген. Мында жалаң экологиялык таза материалдар гана пайдаланылат. Биринчи кезекте ата мекендик өндүрүүчүлөргө басым жасалат.

ОЛЕГ ЛОБАХ, КОМПАНИЯНЫН ТЕХНИКАЛЫК МҮДҮРҮ

- Мисалы, ПВА пластик - бул кеңири колдонула турган материал. Андан бир ирет идиш жасалат. Эгерде аны жерге көмсө, калдыксыз чирип кетет. Буга катар медициналык каражаттар, негизинен нейрохирургия менен жана стоматология менен байланыштуу. Бардыгын дарыгерлер менен кеңешип өндүрөбүз.

Компания өлкөнүн булуң-бурчунан жеке жана корпоративдүү тапшырыктарды кабыл алат. Кээде адаттан тыш тапшырыктар да болуп калат, - дешет кызматкерлер.

ОЛЕГ ЛОБАХ, КОМПАНИЯНЫН ТЕХНИКАЛЫК МҮДҮРҮ

- Прототиптерге тапшырык берет. Ал тургай тынымсыз кыймылдаткычтын прототибине чейин. Системалуу түрдө 3Д принтери менен басып чыгарып беребиз. Алар текшерет. Туура эмес болсо, кайрадан басып чыгарабыз.

Алдыда пландар көп. Алгач шаарды сканерлөө жана жума сайын жаңыртылган 3Д карта түзүү долбоорлорун аяктоо көздөлгөн.

РАСУЛ РЫСМАМБЕТОВ, ДОЛБООРДУ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА МЕНЕЖЕР

- Бизде мындай бир долбоор болгон. Тапшырык берүүчүлөр тоо арасында бийиктиги 150 метр болгон шамал генераторлорун жайгаштыруу үчүн бизге тоолуу аймакты сканерлөөгө тапшырык берди. Ошентип, ошол аймакты толук сканерлеп чыктык. Кийин башка жумуш аткаруучулардын жардамы менен шамалдын ылдамдыгын өлчөдүк. Дагы башка маалыматтарды чогулттук. Акырында толук кандуу карта чыкты.

Ишкананын жетекчилиги өзүнүн 3Д өнүмдөрүн Борбор Азия өлкөлөрүнө, андан соң Европа рыногуна чыгарууну көздөөдө. Анткени бүгүнкү күнү жаңы технологиялар колдонулбаган тармак жок. Ал эми чийки затка жалаң жергиликтүү сапаттуу материалдар гана колдонулгандыктан, өндүрүлө турган өнүмдүн баасы да чет элдик керектөөчүлөр үчүн ылайыктуу  болмок.

Фото: vladtime.ru


×