Roadshow Astana Hub. Казакстандык стартаптарды дүйнөгө тааныта турган долбоор

Казакстандык стартаперлердин мыкты IT-иштелмелери дагы бир жолу дүйнөдөгү эң ири технологиялык көргөзмөлөргө коюлат. Roadshow Astana Hub программасын ишке ашырууну улантууда. Талдоочулардын пикиринде, аталган ири долбоор жаш таланттарга өздөрүн тааныткандан сырткары, жаңы тажрыйба алууга жана ошондой эле, чет элдик инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк түзүп берет.

ДЖОЗЕФ ЦИГЛЕР, ASTANA HUB IT-СТАРТАПТАР ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ПАРКЫНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Биз өткөн жылы барган шаарлар менен өлкөлөргө кайра барып, өнөктөштүгүбүздү бекемдейбиз. Мисалы үчүн, Сингапур. Ошондой эле, Шанхай менен да ушул багытта тажрыйба алмашууну улантууну мерчемдеп жатабыз. Муну менен бирге, жакын жайгашкан өлкөлөрдө долбоорлорубузду таанытсак дейбиз. Жакшы натыйжа алуу үчүн ар дайым алыска баруунун кереги жок. Жаныбыздагы Баку, Беларусь сяктуу өлкөлөрдө өтө турган эл аралык көргөзмөлөргө катышууга болот. Эң башкысы, барган жерлерден стартаптарга пайдалуу болгон жаңылыктар менен кайтуу.

Программанын жемишин былтыркы катышуучулар иш жүзүндө көрүп жатат. 2019-жылы өлкөнүн ар кайсы чөлкөмүнөн тандалган 19 өзөктүү демилгенин дээрлик бардыгы өндүрүштүк жолго коюлган. Маанилү долбоорлор Smart City, кибер коопсуздук, биотехнология, каржы технологиялары, унаа жана логистика сыяктуу заман талабына ылайык темаларды камтыйт.

КАНАТ КЕЛДИБЕКОВ, СТАРТАПТЫН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ:

- Көптөгөн кесиптештерибиз менен тааныштык. Биздин долбоор бир гана Казакстан үчүн багытталган эмес, ал эл аралык деңгээлге багытталган демилге. Ошондуктан аны дүйнөлүк рынокторго чыгаргыбыз келет. Алгач КМШ, андан кийин Түштүк Чыгыш Азиянын рыногун багындырууну мерчемдеп жатабыз.

Программанын алгачкы этабынын корутундусу боюнча Астана хаб Сингапур, Украина, Орусия, Улуу Британия жана Кытай өлкөлөрүнүн алдыңкы технопарктары жана инновациялык компаниялары менен бир нече келишимдерди түздү. Быйыл кызматташтык чөйрөсүн мындан ары да кеңейтүү көздөлүүдө.

Фото:baigenews.kz