Казак тилинде математика боюнча алгачкы сайт ачылды

Казак тилинде математика боюнча алгачкы сайт ачылды. Аны иштеп чыккан Кызылордо шаарындагы Назарбаев интеллектуалдык мекетебинин мугалими - Мухтар Бегайдаров. Онлайн-платформага бир ай ичинде 23 миң туруктуу колдонуучу катталган. Изденүүчүлөр аны акысыз пайдалана алышат.

НУРАСЫЛ АБИЛДА, ОКУУЧУ:

- Сынактарды өзүбүз үйдөн карап, алдын ала даярдана алабыз. Дагы бир өзгөчөлүгү - мыкты мугалимдердин видео сабактарын көрүп, өзүбүз үйдөн тандай алганыбызда.

Казак тилиндеги жаңы математикалык сайтка 600 окуу китеби менен видео сабак, буга катар түрдүү оюн түрүндөгү жаңы ыкмалар киргизилген. Адистер жаңы ресурстун сапаты абдан жогору экенин белгилешет. Мухтар Бегайдаров долбоорду 2 жыл мурун колго алган. Башкы максаты -мугалимдердин убакытын үнөмдөп, казак тилиндеги материалдар менен камсыз кылуунун натыйжалуу жолун ойлоп табуу болду, - дейт ал.

МУХТАР БЕГАЙДАРОВ, ДОЛБООР АВТОРУ:

- Башында класста жалаң гана өзүм тест жасаган программа менен алектендим, тесттерди түздүм. Бир кемчилиги алыста жүргөн мугалимдер ача алышпайт. Ошондуктан ушундай кыйынчылыктарды жеңүү макстында чоң сайт болсо, аны бардык мугалимдер, окуучулар пайдаланса деген ой болду.

ЖАСУЛАН САПАРБАЕВ, МАТЕМАТИКА САБАГЫНЫН МУГАЛИМИ:

- Анын ичинде жөнөкөй топко бөлүү, баш катырма (кроссворд) түзүү сыяктуу сабак жүрүшүндө окуучулардын кызыгуусун арттырган түрдүү дидактикалык материалдарды бириктире алат.

Мугалимдер арасында республикалык билим жарышында да Мухтардын идеясы мыкты деп табылган. Ага баа берген серепчилер да айтылуу платформанын пайдалануучулары болуп чыккан.

Фото: taldyk.info


×