Казакстан-Азербайжан багыты боюнча жаңы долбоордун курулушу башталды

Казакстан-Азербайжан багыты боюнча жаңы долбоордун курулушу башталды

Жыл соңунда Казакстан-Азербайжан багыты боюнча Trans Caspian Fiber Optic долбоорунун курулушу башталды. Каспий деңизинин түбүнөн тартыла турган була-оптикалык желе Европа менен Азия континенттерин байланыштырган телекоммуникациялык коридорго айланат. Трансконтиненталдык демилге өлкөнүн санариптик, транзиттик дараметин арттырууга багытталган. Өкмөттө “Санариптик Казакстан” программасынын ишке ашыруу маселеси талкууланды. Отурумда быйыл бюджеттик пландоо кагазсыз үлгүгө өткөнү жана бардык бажы документтери “бирдиктүү терезеден” бериле турганы айтылды.

Ошондой эле, «Smart Data Ukimet» жасалма интеллект долбоору жана компетенттүү органдардын өзгөчө платформасы түзүлүүдө. Кийинки жылы мамлекеттик кызматтардын 90% онлайн алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Жалпысынан, санариптештирүү өлкөнүн бардык тармактарын камтыйт. Учурда бул багытта комплекстүү иш-чаралар жүрүп жатат.

АСКАР ЖУМАГАЛИЕВ, РКНЫН САНАРИПТИК ӨНҮГҮҮ, КОРГОНУУ ЖАНА АЭРОКОСМОСТУК ӨНӨР ЖАЙ МИНИСТРИ:

- Программа аткарылган кезде кийинки натыйжаларга жетишебиз. 2025-жылдан баштап жалпы улуттук өнүм 30 пайызга чейин өсүш берет. Санариптик экосистемага 67 миллиард теңге өлчөмүндө инвестиция тартылат. Элдин 97 пайызы жеткиликтүү интернет менен камсыздалат. Бул дүйнөлүк бенчмарк негизинде иштелип чыккан план болуп саналат.

Фото: kapital.kz