Жасалма интеллектти колдонуунун таасири

Казакстанда жасалма интеллектти пайдалануунун жалпы экономикалык натыйжасы жылына 25 миллиард долларды түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу  өлкөнүн премьер-министри Аскар Мамин санариптик форумда билдирди. Министрлер кабинетинин башчысы белгилеп өткөндөй, Казакстанда Smart Data Ukimet долбоору алкагында жасалма интеллект технологияларын колдонуу боюнча алкачкы кадамдар жасалды. Назарбаев Университетинин базасында смарт системалар институту түзүлдү. Премьер-министр экономиканын бардык тармактарында жасалма интеллектти пайдалануу зарылдыгын белгилеп өттү. Мисалы, аны транспорт жана логистика тармагында колдонуу транзиттик каттамдарды жеңилдетүүгө таасирин тийгизет, ал эми бажы тармагында чек арадан өтүүнү тездетет, соода-сатыкта көмүскө жана контрабанда товар айлануусун кыскартат, дейт Аскар Мамин.

АСКАР МАМИН, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:

- Евразиялык экономикалык биримдиктин санариптик күн тартибин жана биздин өлкөнүн бул багыттагы кызматташтыгын өнүктүрүү келечегин талкуулоо үчүн жыл сайын Алматыда чогулуу салтка айланууда. Учурда санариптик технологиялар менен инновациялардын интенсивдүү өнүгүүсү глобалдык экономиканын өнүгүшүнө кыйла таасирин тийгизди. Өлкөнүн сапаттуу өнүгүүсүндө маанилүү ролду аткарган жасалма интеллектти өнүнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Фото: foma.ru


×