«Astana Hub»: бирдиктүү IT-чөйрө

Салыктык жана визалык жеңилдиктер, IT-стартаптарга болгон акысыз, эң мыкты колдоо, көп сандагы инкубация программалары жана акселерациялар. Бүгүнкү күндө эл аралык «Astana Hub»  технопаркы жаш таланттарды окуткандан сырткары, билимдүү эл аралык серепчилерден эффективдүү жардам алуу менен чектелбестен, өз идеяларын дүйнөлүк рынокто суроо-талапка ээ инвест долбоорлорго айландырган чыныгы аянтка айланды.       

АДЛЕТ НУРГОЖИН, «ASTANA HUB» ЭЛ АРАЛЫК IT-ДОЛБООРЛОР ТЕХНОПАРКЫНЫН АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Биз КМШ аймагында уникалдуу өзгөчө жеңилдетилген салыктык шарттарга ээ болдук. Башкача айтканда, кандайдыр бир долбоор жасап, айти-багытында каржы таап жаткан балдар биздин өлкөдө каралган бардык салыктардан беш жылга бошотулат. Бул өз учурунда атаандаштык жогору чөйрөнү калыптандырууга, айти рыногун түзүүгө, коңшу өлкөлөрдүн рынокторуна чыга ала турган олуттуу компанияларды  түзүүгө мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Жалпы бүгүнкү күндө технопарк 163 айти-компаниянын жана жети жүзгө чукул стартапты, 17 ири ата мекендик жана чет өлкөлүк айти-ассоциацияларды камтыйт. Өткөн жылы технопарктын долбоорлору Сингапур, АКШ, Португалия, ОАЭ, Корея, Финляндия сыяктуу өлкөлөрдө жана бир нече КМШ өлкөлөрүндө сунушталды. Ал эми инновациялык өз ара иш-аракеттерди өнүктүрүү алкагында «Astana Hub» 25 эл аралык келишимге кол койду.

АДЛЕТ НУРГОЖИН, «ASTANA HUB» ЭЛ АРАЛЫК IT-ДОЛБООРЛОР ТЕХНОПАРКЫНЫН АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Азыр биз командабыз менен бирге ушул  меморандумдарды бекитүү жана биргелешкен жумуштарды улантуу боюнча алгылыктуу жумуштарды аткарып жатабыз. «Astana Hub»  иштеп жаткан убакыттын аралыгында биз долбоорлорубузга 7 миллиардга жакын инвестиция тарта алдык. Алардын ичиндеги чет өлкөлүк долбоорлорубуз ар кандай тармактардын көп бөлүгүн камтыйт, бирок, биринчи кезекте биз интернет сатуу тууралуу сөз козгойбуз, бизде коомдук тармактагы долбоорлордун саны арбын, бул билим берүү, саламаттыкты сактоо, коопсуздук, алардын саны аз эмес.

«Astana Hub-дын» мерчеминде – технопарктар, инновациялар борборлору, стартап-академиялар, коммерциялаштыруу кеңселери жана илимий-изилдөө институттары сыяктуу аймактык инновациялык-инфраструктуралык объекттерди экосистемага жигердүү тартуу бар.

Фото: inbusiness.kz