Казакстан дүйнөнүн технологиялык өнүккөн өлкөлөрүнүн рейтингинде

Казакстан дүйнөнүн технологиялык өнүккөн өлкөлөрүнүн рейтингинде Кытай менен Орусияны басып өттү. Global Finance журналы жүргүзгөн изилдөө боюнча өлкө 36-орунда жайгашкан. Анын тизмесине дүйнөнүн 67 өлкөсү кирген. Ал эми технологиялык жагынан эң өнүккөн өлкөлөр Норвегия, Швеция, Нидерланды, Дания, АКШ, Сингапур, Финляндия, Бириккен Араб Эмираттары, Түштүк Корея жана Сингапур болуп саналат. Рейтингдин аягына Пакистан, Египет жана Мьянма жайгашты.

Серепчилердин пикиринде, Казакстан технологиялык инновациялар менен инвестицияларга өзгөчө көңүл бурган өкмөт стратегиясынын аркасында жетишкендикке жетти. 

Фото: profit.kz


×