Орусияда Казакстан менен биринчи электрондук келишимге кол коюлду

Орусияда Казакстан менен биринчи электрондук келишимге кол коюлду. Ал казакстандык Documentolog электрондук документ жүгүртүү системасынын иштеп чыгуучусу The Mellows коммуникациялык агенттиги менен түзүлдү.

Документке Doculite системасы аркылуу кол коюлду. Ал тараптарга эки өлкө ортосунда мыйзам боюнча мааниге ээ электрондук документтер менен алмашууга мүмкүнчүлүк берет. Орусиялыктар Documentologдун чечимдери кагазсыз системага ыкчам жана кыйынчылыксыз өтүүнү камсыздай турганын белгилешти.  

ИВАН ПАЧКО, THE MELLOWS АГЕНТТИГИНИН БАШЧЫСЫ:

- Биз үчүн Documentologдун эң пайдалуу жагы, башкы артыкчылыгы үзгүлтүксүх интеграцияда. Башкача айтканда, электрондук документ жүгүртүү системасына өтүү биз үчүн болушунча тез жүрүп жатат. Ошондой эле, бул системаны пайдалануу үчүн кызматкерлерибизди кошумча окутуу талап кылынбайт, анткени бардыгы интуитивдүү жаатында түшүнүктүү. Программанын дизайны абдан жөнөкөй. Иштин бардык параметрлери ишке кошулган күндөн баштап жүзөгө ашат.

Konnov media агенттиги азыр электрондук документ жүгүртүүгө өтүү үстүндө. Сынактан өткөн бардык программалардын ичинен Documentolog тандалып алынып, иш жүргүзүү натыйжалуулугу бааланууга да жетишилди.

АНДРЕЙ КОННОВ, KONNOV MEDIAНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Пиар тармагында иштесеңиз сиз үчүн кайра байланыштын болгону абдан маанилүү. Башкача айтканда, бүгүн бриф толтурулат, ал эми эртең сизден сунуш алынат. Documentolog системасы муну бир нече саат ичинде жасоого мүмкүндүк берет. Мындай учурда менеджердин иши 15-20 пайыз убакытка кыскарат. Бул абдан жакшы көрсөткүч.

Documentolog компаниясы казакстандык рынокто өз тармагында лидер болуп саналат. Ошондой эле, ал мамлекеттик органдар менен электрондук документ алмашуу системасын биринчи ирет ишке ашырган мекеме.