Нур-Султан шаарында эл аралык IOT Kazakhstan 2019 форуму өттү

Мамлекеттик кызматты санариптик системага көчүрүп, өндүрүштү технологиялык жаңыртуу, турак-жай коммуналдык чарбачылыгын автоматташтыруу, каржы тармагынын коопсуздугун камсыздап, акылдуу шаарларды өнүктүрүү.

Жалпысынан, интернет желесинин адам жашоосуна алып келген жаңычылдыктары менен жетишкендиктери Нур-Султан шаарында өткөн эл аралык IOT-форумунда талкууланды.

Ага Орусия, Кытай, Улуу Британия, Германия, Канада, КМШ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тармак адистери катышты. Алардын катарында дүйнөлүк деңгээлдеги смарт-технологияларын иштеп чыгуучулар, серепчилер да бар. Эл аралык адистер казакстандык кызматкерлер менен тажрыйба алмашууга даяр.

АНТОН ГРАЧЕВ, «IT-ПАРК» ЖОГОРКУ ТЕХНОЛОГИЯЛАР БОЮНЧА ТЕХНОПАРКТЫН БАШЧЫСЫ / ТАТАРСТАН:

- Казакстан тез өнүгүү жолуна түшкөн мамлекет. Маалыматтарды жеткирүүдө эң биринчи аралыктын алыстыгы кыйынчылык туудурат. Мисалы, Борбордук Европа өлкөлөрү бири-бирине жакын жайгашкан. Ошондуктан маалыматтар менен алмашуу иши эч бир кыйынчылыксыз жүрөт. Казакстан үчүн анын чыгымы көбүрөөк болгону менен абдан чоң тажрыйба болот. Бул өтө татаал маселени талкуулоо үчүн жакшы аянтча. Айотинин жаңы желелери менен жалпы интернет оф финкс багытын өнүктүрүү абдан маанилүү.

Айоти багытында өнүгүүнү өлкөнүн тоо-кен өндүрүш компаниялары да көздөөдө. Буга ниеттенип жаткан ишкана өкүлдөрүнүн айтымында, өндүрүштүк жараянга заманбап технологияларды киргизүү эң алды менен атаандаштыкка туруктуулукту арттырып, товар айлануу менен кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

АЛЕКСАНДР ГРЕВЦЕВ, ТОО-КЕН ӨНДҮРҮШҮ КОМПАНИЯСЫНЫН IT-МҮДҮРҮ:

- Тоо-кен өндүрүшү тармагы жагынан алып карасак, бул ийгиликке жетүүнүн бирден бир жолу. Анткени биз ушундай заманбап технологияларды системага киргизсек, башчылар өндүрүш жараянын көзөмөлдөп, ыкчам чечим чыгара ала турган болот. Бул эң биринчиден өндүрүш көлөмү менен сапатын арттыруунун кепили. Температура сыяктуу башка да көрсөткүчтөрдү интенсивдүү көзөмөлдөө өтө маанилүү. Алардын ар бири өндүрүшкө зарыл болуп саналат. Ошондуктан убакыт үнөмдөп, натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу үчүн жаңычылдыктар керек.

Эске сала кетсек, үч жылдан бери өтүп келе жаткан форум санариптик экономика жана өндүрүштү жаңыртуу темасында бизнес жана өкмөт өкүлдөрүн чогулткан масштабдуу диалог аянтчасына айланды. Бул жолу жыйынга 20дан ашык инвестициялык компания катышты.

Фото: strategy2050.kz