«Documentolog» компаниясы жаңы иштеп чыгууну сунуштады

Кагаздан арылуунун натыйжалуу жолу. «Documentolog» компаниясы AI.Sulu жасалма интеллект модулу менен «Documentolog office» тиркемесин көпчүлүк назарына сунуштады. Эки ата мекендик өнүм электрондуу документ жүгүртүү системасын жакшыртууга багытталган.

Бул ойлоп табуулар борбордо өткөн «Documentolog Technology Conference» аттуу конференциянын жүрүшүндө тааныштырылды.

МАРИЯМ АМАНБЕКОВА, «DOCUMENTOLOG» ЖЧК ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- AI.Sulu бизге чечимдерди кабыл алууда көмөктөшөт. Мисалы ал текшерүү жүргүзүп, тийиштүү документти аталган иш менен мурда натыйжалуу иштеген адамга жиберүү үчүн кеңеш берет. Буга кошумча «Documentolog office» системасы кызматкерлерге башка кошумча кызматтарга кирбей туруп, бардыгын бирдиктүү терезе принциби боюнча аткарууга мүмкүндүк берет.

«Documentolog Technology Conference» ушуну менен экинчи жылы тармак адистеринин башын бириктирүүдө. Жыйында ата мекендик өндүрүштү санариптештирүү жаатындагы акыркы жаңылыктар тууралуу сөз болду. Учурда «Documentolog» кызматына жети миңден ашык компания кошулган.

АКМАРАЛ НАЙЗАБЕКОВА, «ҚАЗПОШТА» АК ПЕРСОНАЛ ЖАНА ӨЗГӨРҮШТӨРДҮ БАШКАРУУ ДЕПАРТАМЕНТИНИН  АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Documentolog-ко кошулган бир жыл жети айдын ичинде отуз үч  жараянды киргиздик. Жөнөкөй тил менен айтканда, ошол убакыттан бери 88 дарактын тамырына балта чабуудан сактап, миллиондон ашык баракты үнөмдөдүк.

Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу, эл аралык деңгээлде электрондук документ жүгүртүүнү жакшыртуу, кагаздан арылта турган сандык системаларды өнүдүрүшкө массалык киргизүү сыяктуу заманбап темалар конференциянын негизги темасына айланды. Быйыл жыйынга 300дөн ашык казакстандык компания өкүлдөрү чогулушту.

Фото: 24.kz