Казакстандык Documentolog долбоору Орусиянын рыногуна чыгып жатат

Documentolog электрондук документ жүгүртүүсү жана бизнес-жараяндарды автоматташтыруу системасын иштеп чыгуучу казакстандык компания башкы шериктеш катары "ЭДЖ рыногу – 2019” конференциясына катышты. Мында ал эки өнүмдү сунуштады. Бул Documentolog флагмандык платформасы жана Doculite системасынын жеңилдетилген нускасы.

БАЙЖАН КАНАФИН, DOCUMENTOLOG КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

-Бизде орусиялык бизнести кызыктыра турган сунуштарыбыз көп. Экинчиден, Орусияда документ жүгүртүү түшүнүгү биздин өлкөгө караганда айырмаланат. Кызматтык жагынан айтсак, биздин чечимдерибиз рынокто сунушталып жаткандар менен  атаандаштыкка жөндөмдүү катары саналат.

Documentolog-тун кызматтарын 7 миң ишкана пайдаланат. Алардын катарында улуттук холдингдер, ар кайсы тармактагы мамлекеттик жана жеке компаниялар бар. Жалпы колдонуучулардын саны 300 миңден ашат.

ИВАН ПАЧКО, THE MELOWS КОМПАНИЯСЫНЫН КРЕАТИВДҮҮ МҮДҮРҮ:

-2020-жылдан баштап биздин өлкөдө бардык салыктык жана бухгалтердик отчёттор электрондук түрдө гана кабыл алынат. Өзгөчө суроо-талаптын рыногу дал ушул жерде калыптанат. Ал эми куту форматындагы мобилдик чечимдер кошумча артыкчылыктарга ээ.  Ишкерлер аларды болушунча тез кабыл алышат. Documentolog компаниясы дал ушул ыкчам чечимдерге  адистештирилген.

Азыркы тапта компания жаңы муундагы үндүү жардамчы жана эл аралык электрондук документ жүгүртүү долбоорлорун даярдоодо. Бештин айынын төртүндө Нур-Султанда Documentolog Technology Conference иш-чарасынын алкагында тааныштырат.

Фото: 24.kz