«Seedstars Summit 2020» аймактык саммити

Каржы тармагындагы универсалдуу казакстандык ойлоп табуу дүйнө жүзүнө таанылышы мүмкүн. Борбордо Швейцариянын Лозанна шаарында өтө турган «Seedstars Summit 2020» глобалдык саммитине катыша турган долбоорлор иргелүүдө. Сынактын аймактык этабына Борбор-Чыгыш Европа менен Борбордук Азия өлкөлөрүнөн 20дан ашык дымактуу демилге катышууда. Бул негизинен саламаттыкты сактоо, билим берүү, спорт, коопсуздук жана каржы сыяктуу тармактар үчүн новатордук чечимдер болуп саналат. Мисалы, ата мекендик окумуштуулар адамдын биометрикасын аныктаган уникалдуу каржылык терминалды иштеп чыккан.

АЗАМАТ ГАЛЫМЖАНОВ, ДОЛБООРДУН ТЕХНИКАЛЫК МҮДҮРҮ:

- Биз эң алды менен адамды жеке өздүк паспортундагы сүрөтү менен салыштырып, биометрикасын аныктайбыз. Андан кийин өздүк паспорттогу аты-жөнү, туулган күнү сыяктуу маалыматтар аркылуу мамлекеттик базадан ал жөнүндө толук расмий маалымат алабыз. Терминалдын системасы насыялык бюро менен байланышкан. Ошондой эле, социалдык желелердеги анын баракчаларын таап текшерүү жүргүзөбүз. Чогулган маалыматтан жалпылап чечим чыгарабыз.

АЛИБЕК НАРЫМБАЙ, ДОЛБООР МҮДҮРҮ:

- Биз бул технологияны дүйнөгө тааныткыбыз келет. Бул жалаң эле куру сөз же теория эмес, тажрыйбалык сындан өтүп, мүмкүн болушунча далилденген долбоор. Казакстанда таанылган бизнес. Ал бүгүндөн баштап ишке кошулууга даяр. Ал бардык каржылык операцияларды адамдын жардамысыз ишке ашыра алат.

Айта кетсек, салттуу глобалдык саммит стартаптарды колдоого багытталган. Анда мыкты ойлоп табууга жана каржы салууга ниеттенген дүйнөнүн алдыңкы инвесторлору менен жаш окумуштуулары чогулат. Быйыл 60тан ашык долбоордун автору башкы байге 500 миң доллар утуп алуу үчүн багын сынап көрөрү күтүлүүдө.