Курулуштагы жашыл технологиялар

Экологиялык курулуштун өнүгүү келечеги жана анын шаарлардын инфраструктурасына таасири.

Нур-Султанда - "жашыл" технологияларга арналган конференцияда архитектуралык чечимдерде энерго натыйжалуулук темасы көтөрүлдү. Ага тармакта иштеген алдыңкы чет өлкөлүк окумуштуулар жана серепчилер катышты. Айтымдарына караганда, өнөр жай, энергетика, транспорт жана айыл чарбасы менен катар, мамлекеттин шаар куруу экономикасына "жашыл" негиздерди киргизүү артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды колдонуу менен кыймылсыз мүлк объектилери Финляндия, Дания, Англия, Германия сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө популярдуулукка ээ болду.

ГАЙ ИМЗ, ЭКОЛОГИЯЛЫК КУРУЛУШ БОЮНЧА КЕҢЕШТИН ТӨРАГАСЫ /ОРУСИЯ/:

- Экологиялык курулуш - бул имаратты пайдалана турган адамдарга көп артыкчылык берет, биринчиден иштөө үчүн, жашоо үчүн ыңгайлуу мейкиндик. Бул энергетикалык ресурстарды үнөмдөө, курулуш келечеги, башкача айтканда, автономдуу имарат. Мындай технологиялар абдан көп. Тагыраагы, курулуш жарыктандыруу үчүн, жылытуу, муздатуу, жаңы курамдуу жана башка курулушка арналган материалдар.

Казакстанда жашыл имараттар кырктын тегерегинде. Бирок, атамекендик компаниялар энерго натыйжалуу курулуш тармагын акылмандык менен жигердүү өздөштүрүүгө даяр. Өз кезегинде чет өлкөлүк серепчилер алар менен алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшмөкчү.

ГАЙ ИМЗ, ЭКОЛОГИЯЛЫК КУРУЛУШ БОЮНЧА КЕҢЕШТИН ТӨРАГАСЫ /ОРУСИЯ/:

- Экологиялык имараттар энергиянын 150 пайызын, суунун 50 пайызын үнөмдөй алат. Бул дүйнө жүзүндө абдан керектүү мега тренд. ЭКСПО-борбору бул дүйнөлүк стандарттар боюнча салынган экологиялык имараттардын бири. Биз бул жерде жашыл технологиялар борборуна серепчилер катары кошулабыз деп ойлойм.

Белгилей кетсек, "жашыл" курулуш дүйнө жүзүндө 25 жыл бою таанымал. Дүйнөлүк рыноктун тармактан түшө турган кирешеси 200 миллиард долларды түзөт жана ар дайым өсүп келет.  Демек, экологиялык курулуш тармагына карата инвесторлордун кызыгуулары да өсүүдө. Талдоочулардын айтымында, республика үчүн эң башкысы бул багытта иш алып баруу керек.

Фото: ecology.md