Казакстандык жаш окумуштуулардын ойлоп табуулары

Ата мекендик жаш ойлоп тапкычтар илимдин өнүгүүсүнө чоң салымдарын кошуп келет. Борбордо жаш илимпоздордун ден соолукту сактоо, билим берүү жана башка маанилүү тармактар боюнча өндүрүштүк багыттагы долбоорлору тааныштырылды.

Бул азыркы Казакстанда окшоштугу жок өзгөчө технологиялык демилгелер. Алардын бири – бул универсалдуу кыймылдаткыч. Ал энергиянын булагы менен иштейт. Эң башкысы айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбайт.

КИРИЛ МАРЧЕНКО, ДОЛБООР АВТОРУ

- Бул кыймылдаткыч карама-каршы температуралардын таасири менен иштейт. Ортосундагы айырмачылык жогорулаган сайын айлануу күчү да артат. Анын кубаттулуугу дизельдик кыймылдаткычтан да артык, а түгүл экологиялык жактан да алда канча таза болот. Ал көмүр, мунай, таштандыларды өрттөө, жер энергиясы сыяктуу альтернативалуу кубат булактарынын бардык түрү менен иштей алат.

ТИМУР ДЖУМУРБАЕВ, КЭА АЛДЫНДАГЫ «ЖАРАСЫМ» РЕСПУБЛИКАЛЫК ЖАШТАР УЮМУНУН ТӨРАГАСЫ

- Казакстан Элдер Ассамблеясынын алдында түзүлгөн ишкерлер коомчулугу иш алып барат. Бүгүн тааныштырылган долбоорлорду Казакстан Элдер Ассамблеясына мүчө инвесторлорго сунуштайбыз. Алар өздөрүнө кызыктуу делген долбоорлорду таңдап, ишке ашырууга аракет кылышат.

Фото: assembly.kz