Турак жай курулуш сактык Банкы документ жүгүртүүнү “булуттук” системага көчүрдү

Документ жүгүртүүнү кантип жөнгө салуу керек жана бизнес-жараяндарды кантип тездетүү керектигин – “Documentolog” программасынын иштеп чыгуучулары билет.

Рынокко 12 жыл мурда чыккан казакстандык IT компания азыркы тапта 300дөн ашуун ири компанияга өзүнүн электрондук документ жүгүртүү системасын киргизген. “Казакстандын Турак жай курулуш сактык Банкы” АК “Documentolog” системасында 2015-жылдан бери иштеп келе жатат. Ушул жылдардын аралыгында аталган программага банктын башкы кеңсеси жана  18 аймактык бөлүмү кошулган.

ЛЯЗЗАТ ИБРАГИМОВА, “ТУРАК ЖАЙ КУРУЛУШ САКТЫК БАНКЫ” АК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАЙЫМЫ:

- Бир нече жылдардан бери Турак жай курулуш сактык банкы банктык жараяндарды санариптештирүүдө жигердүү иштерди алып барууда. Бул биринчи кезекте кардарларды тейлөө, кардарга жакшы шарттарды түзүү. Башкача айтканда, биздин кардар болушунча аз чыгаша кетирип, кызматтардын болушунча көп көлөмүн алышы керек. Ошондой эле, бул ички бизнес-жараяндарды оптималдаштырууга да байланыштуу.

Жараяндарды санариптештирүү убакытты үнөмдөө менен бирге, кагаз жана почта чыгашаларын азайтууга жана чечим кабыл алуу ишин жеңилдетүүгө жол ачат. Жакында  чыгашаларды дагы да азайтуу максатында Турак жай курулуш сактык банкы бардык электрондук документ жүгүртүүсүн “булуттук” системага көчүрдү.

ЛЯЗЗАТ ИБРАГИМОВА, «ТУРАК ЖАЙ КУРУЛУШ САКТЫК БАНКЫ» АО БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАЙЫМЫ:

- Бул системалык моделдин өзгөчөлүгү, уюм капиталдык чыгымдарга учурабай, бардык иш жараянын өз серверлеринде эмес, "Documentolog" сунуштаган булуттук  режиминде толук сактагандыгында. Ошону менен бирге техникалык колдоого арналган жүктөмө бир кыйла азаят.

Иш жараянын булуттук системага көчүрүү Турак жай курулуш сактык банкы үчүн серверлерди сатып алуу менен аларды пайдалануу чыгымдарын да бир кыйла азайтат. Мунун аркасында банк кызматын колдонуучуларга көрсөтүлгөн кызмат деңгээли менен сапаты жогорулайт. Банктын кардарларына оң натыйжасын тийгизген система эми дүйнөнүн бардык бурчунан 24/7 режиминде  жеткиликтүү иштейт.

Фото: digital.report