ШКУ мамлекеттери санариптештирүү тармагындагы өз ара кызматташтыкты талкуулашты

Борбордук Азия өлкөлөрү жана Шанхай кызматташтык уюмуна кирген башка мамлекеттер санариптештирүү тармагындагы өз ара кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулады. Серепчилер белгилегендей, бул тармактагы өнөктөштүк глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жана ШКУга мүчө өлкөлөрдүн инвестициялык дараметин көтөрүү үчүн маанилүү. 

КУБАНЫЧ ШАТЕМИРОВ, БАЙЛАНЫШ ЖАНА МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТІК КОМИТЕТІ ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Биздин өлкөнүн ШКУга мүчө мамлекеттердин мейкиндигинде телекомуникациялар тармагы жана санариптүү технологияларга өтүү багыттарында түрдүү демилгелерди жүзөгө ашыруу боюнча көч башчы аталууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Алдыдагы убакытта ушул багытта уюмдун арты менен студент алмашуу көздөлүүдө.

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагында кызматташтык орнотуу үчүн алгач керектүү инфратүзүм куруп алуу кажет. Казакстан, Орусия, Кытай, Индия, Пакистан, Кыргызстан, Өзбекстан менен Тажикстан өлкөлөрүнүн адистери ушул багыттагы тажрыйбалары менен бөлүштү.  

АКМАЛ АРИФДЖАНОВ, АКТ БОЮНЧА МИНИСТРЛИКТИН АДИСИ / ӨЗБЕКСТАН:

- Өзбекстанда интернеттин баасын төмөндөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Жыл башынан бери 26 пайызга төмөндөдү.

ШКУнун Бишкекте өткөн быйылкы саммитинде мүчө өлкөлөрдүн башчылары санариптештирүү боюнча кызматташтык концепциясына кол койду. Кийинки максат – сөздөн так иштерге өтүү.               

БАУРЖАН ИМАНДОСОВ, ШКУ КАТЧЫЛЫГЫНЫН РЕФЕРЕНТИ:

- Биз жалпы өнүгүүгө жетишүү үчүн бири-бирибизге гана таяна алабыз. Айтмакчы, биздин топтун ишмердүүлүгүнүн эң маанилүү артыкчылыктуу багыттарынын бири – ар бир өлкө өнүгүүсүндө гана эмес, деструктивдүү элементтерди токтотуу жана аныктоо, тажрыйба алмашуу, анын ичинде социалдык тармактарда да биздин өлкөлөрдүн бирдиктүү маалымат талаасын түзүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, маалыматтык коопсуздук, электрондук өкмөт жана санариптик инфраструктура – бул өлкөлөр тарабынан артыкчылыктуу багыт катары тандалып алынган.

Фото: politikus.ru