Кыргызстанда санариптик ноу-хау киргизилүүдө

Кыргызстанда санариптик ноу-хау киргизилүүдө

Кыргызстанда санариптик ноу-хау киргизилүүдө. Көптөгөн иштелмелердин авторлору республика студенттери. Заманбап технологиялардын күйөрмандары жаштардын ар кандай сунуштарын Нарын шаарындагы санариптик технологиялар көргөзмөсүндө көрө алышты. Өз ийгиликтерин сунуштагандардын бири – Элдияр Жүнүсов. Ал өзүнүн тайпалашы менен бирге жумуш берүүчүлөргө жана издөөчүлөргө жардам катары сайт жасаган.

ЭЛЬДИЯР ЖҮНҮСОВ, СТУДЕНТ:

- Биз бардык адамдардын башын бириктире турган платформа түзүүгө аракет кылдык. Ал жерде жумуш берүүчүлөр өз жумушун сунуштап, жумуш издөөчүлөр да өзүнө керектүүсүн ошол  платформадан таба алат.

Ал эми жолдордогу видео-көзөмөлдөө системасынын долбоору облус губернаторунун көңүлүн бөлдү. Анын үстүнө, шаардын коомдук жайларында камералар пайда болгон.

ЭМИЛБЕК АЛЫМКУЛОВ, НАРЫН ОБЛУСУНУН ГУБЕРНАТОРУ:

- Быйылкы жылды Президент аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялаган. Ушул багытта Нарын облусу прогресстен артта калбоого аракет кылып жатат. Университет менен биргеликте биздин шаарда жана жакынкы айылдарда бир нече долбоорду ишке ашырууга аракет кылабыз.

Студенттердин жаңы идеялары көп. Алардын көбү өз жашоосун программалоо жана пиар тармагы менен байланыштырууну кыялданышат. Бул эки багыт Борбор Азия университетинде биринчи болуп ачылган. Аталган ЖОЖдун ачылганына 3 жыл болгону менен анын белгилүүлүгү убакыт өткөн сайын өсүп келе жатат. Университетте бир гана кыргызстандыктар эмес, башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү да окууга жана сабак берүүгө келишет. Мисалы, профессор Масуд Мир өз шакирттеринин чыгармачылык жумуштары тууралуу сыймыктануу менен айтат.

МАСУД МИР, ПРОФЕССОР:

- Көргөзмөдө көрсөтүлгөн бардык долбоорлор адамдардын жашоосун жакшыртууга багытталган. Менин студенттерим Кыргызстандын келечек лидерлери, алар өлкөдөгү жашоо шартты жакшыртарына ишенем.

Көргөзмөдө сунушталган санариптик долбоорлордун бардыгы заманбап адамдын жашоосун жеңилдетүүгө арналган. Ошондуктан Коомдук тармак менен саламаттыкты сактоо тармагындагы иштелмелер биринчи орунда турат. Ошентсе да, катышуучулар алардын сунуштарын каалаган тармакта ыңгайлаштырууга жана колдонууга болот дешет.

Фото: mediasat.info