КМШ мамлекеттери IT-тармагындагы кылмыштуулук менен күрөшөт

КМШ мамлекеттери биргеликте IT-тармагындагы кылмыштуулук менен күрөшөт. Мажилис депутаттары тиешелүү документти бекитти. Эске салсак, КМШ өлкөлөрүнүн кызматташуусу жөнүндө келишимине Мамлекет башчылары тарабынан өткөн жылдын аяк оона айында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган. Ал кибер-коопсуздукка байланыштуу кылмыштар боюнча укук коргоо органдарынын ортосунда маалымат алмашууну көздөйт. Ошондой эле каржы түзүмдөрүндөгү белгилүү тоскоолдуктар алынып, суроо-талаптардын аткарылуусу жөнөкөйлөтүлөт. Тышкы Иштер Министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Макулдашуу Өзбекстан жана Беларусь тарабынан гана ратификацияланган, калгандары мамлекет ичиндеги жараяндарды өткөрүүдө.

МАРАТ КОЖАЕВ, КАЗАКСТАНДЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Биздин 42 жараныбыз интернеттеги жарнамалык роликтерге ишенип, өз акчаларын которгону боюнча кылмыш иши иликтенүүдө. Дээрлик 200 миллион акча Орусия Федерациясында, анын түрдүү шаарлардында колмо кол акчага айланган. Мындай кылмыштарга убагында аракет кылуу, далилдерди табуу, күнөөлүү адамдарды жазалоо үчүн бизге мындай макулдашуулар керек.

Фото: wd-x.ru