Казакстан-Кытай: Санариптик технологиялар тармагындагы байланыш тереңдейт

Жасалма интеллект, блокчейн жана масштабдуу маалыматтар. Казакстан менен Кытай санариптик технологиялар тармагындагы байланышты тереңдетет. Кытай Эл  Республикасынын Казакстандагы элчиси Чжан Сяонун айтымында, аталган багыт эки өлкөнүн мамилелериндеги артыкчылыкка ээ тармактардын бири катары көрсөтүлгөн. Жогорку технологияларды өнүктүрүү жана киргизүү боюнча дүйнөдө лидерлердин сап башында турган Кытай өлкөсү Казакстан менен тажрыйба бөлүшүүгө даяр.

ЧЖАН СЯО,  КАЗАКСТАНДАГЫ КЭР ЭЛЧИСИ:

- Президент Касым-Жомарт Токаев телекоммуникация, жасалма интеллект, масштабдуу маалыматтар, санариптештирүү тармагындагы байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп көрсөттү. Бүгүнкү күндө эки жактуу мамилелер тереңдеп, жогорку деңгээлге чыкты. Кытай үчүн Казакстан артыкчылыкка ээ өлкөлөрдүн ичинде басымдуулукка ээ өлкө саналат. Ошондой эле, сиздердин өлкө менен мамилелерди өнүктүрүү ар дайым күн тартибиндеги маанилүү маселе.

Фото: tengrinews.kz