Костанайлык студенттер 3D-алфавитин иштеп чыгышты

Костанайлык студенттер 3D-алфавитин иштеп чыгышты. Жаңы технология толукталган реалдуулук принциби боюнча иштейт. Мобилдик тиркеменин жардамы менен кадимки алфавит жандуу сүрөткө айланат. Бул өз кезегинде, оюн түрүндө латын арибинде чоңдор менен катар, мектепке чейинки балдарды үйрөтүүгө мүмкүндүк берет. Алфавитти визуалдуу үйрөнүүгө мүмкүн, угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ошондой эле көзү начар көргөндөр үчүн бир нече тилде атайын үн коштоо бар. Уникалдуу долбоордорду Ильяс Азелханов менен Зарина Мырзатаева болгону 10 күндө түзүп чыгышкан.

ИЛЬЯС АЗЕЛХАНОВ, ДОЛБООР АВТОРУ:

- Бул кайра иштелип чыга тургандын үлгүсү гана. Алдыда биздин функциябызды реалдуу толукталган башка өнүмдөргө киргизүүнү пландап жатабыз.

Долбоордун авторлору балдар бакчасы жана мектептер менен кызматташууну пландаштырып жатат. Ильяс менен Зарина белгилегендей, жандуу сүрөттөрдүн аркасында алфавитти эске сактоо оңой. 

ЗАРИНА МЫРЗАТАЕВА, ДОЛБООР АВТОРУ:

- 2020-жылдан баштап мектепке чейинки жана биринчи класстын мектеп окуучулары үчүн окуу процессине казак тили латын арибине киргизилет. Биз балдарды латын тилин билүү үчүн, китептерди окуу кызыктуу болуусу үчүн даярдоону чечтик. Ошондуктан биз «УАУ-алиппе» түзүү чечимин кабыл алдык.

Фото: Хабар 24