Казакстанда алгачкы геомаалыматтык лаборатория ачылат

Казакстанда биринчи геомаалыматтык лаборатория ачылат. Мекеме НАСАнын колдоосу менен Астана Хаб технопаркынын базасында түзүлөт. Бул жерде маалыматтык берилмелердин жаңы долбоору көрсөтүлөт. Бул тууралуу Борбор Азия өлкөлөрүндөгү суу-энергетикалык коопсуздук жана аэрокосмостук өнөр жай маселелерине арналган эл аралык конференциянын алкагында белгилүү болду.

МАРАТ БЕКСУЛТАНОВ, АГРОТЕХНОЛОГИЯЛЫК ХАБЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Геомаалыматтык лабораторияда бир гана казакстандык адистер иштейт. НАСА адистери талдама жүргүзүп, окутуу программаларын өткөрөт, жеке менчик компаниялар кызматтарга тапшырык берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Ошондой эле, эл аралык конференцияда Казакстан менен АКШнын жаңы агротехнологиялык комплексин өнүктүрүүнүн өзөктүү маселелери талкууланды. Форумдун аягында Астана хаб менен Азия хабынын ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду. Документтин алкагында тараптар айыл чарба тармагында биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүшөт.

Фото: elorda.info