Нур-Султанда «Astana IT university» өз жумушун баштады

Жасалма интеллект, кибер коопсуздук жана көлөмдүү маалыматтар. Нур-Султанда «Astana IT university» өз жумушун баштады. Билим ордосу «Санариптүү Казакстан» мамлекеттик программасын ишке ашыруу үчүн керектүү кадрларды даярдайт. Быйыл окуу жайында алты жүзгө жакын студент билим ала баштады. Алардын бири – жаш программист Иван КрепАк. Ал Орусия, АКШ жана Канада өлкөлөрүнүн мыкты университеттеринен чакыруу алганына карабастан казакстандык жогорку окуу жайын тандаган. Окуусун аяктагандан кийин ал кибер коопсуздук тармагында өзүнүн стартап долбоорун ишке кошууну мерчемдеп жатат.

ИВАН КРЕПАК, УНИВЕРСИТЕТ СТУДЕНТИ:

- Мен келечекте кандай кесиптин ээси болорумду бала кезимден билгем. 5-6 жашымда кибер коопсуздук тармагындагы адис болгум келгенин түшүндүм. Системаны тышкы чабуулдардан, коркунучтардан коргой турган долбоорлорду жасоону кыялданып келдим. Ушул жерде билим алуу мүмкүнчүлүгү бар экенине кубанычтамын. Максатым – жогорку даражалуу адис аталуу. Программабыз тажрыйбага багытталган. Теориясы аз, бирок тажрыйбасы көп.

Окуу ордосунда бакалаврлар үч жыл англис тилинде билим алат. Билим берүүчүлөрдүн курамы чет өлкөлүк жана казакстандык  адистерден түзүлгөн. Университетте эл аралык кызматташтыкка терең маани берилген. 

КАНАТ КОЖАХМЕТ, «ASTANA IT UNIVERSITY» РЕКТОРУ:

- Германиядагы Дортмунд университети менен меморандумга кол коюлду. Бул – Европада санариптештирүү тармагындагы алдыңкы окуу жай. Кийинки жылы санариптик трансформация боюнча магистрдик программаларды ачуу мерчемделип жатат. Бакалавриаттан башка, топ-менеджмент, ай-ти компанияларга билим берүү кызматтарын көрсөтүү оюбузда бар. Чындыгында санариптештирүү бардык тармактарга керек.

Студенттер криптография, роботтук техника, программалоо, көлөмдүү маалыматтар, санариптик криминалистика жана дагы башка сабактар боюнча билим алат.

ЕДИЛХАН ДИДАР, УНИВЕРСИТЕТТИН АКТ-ПРОГРАММАЛАР КООРДИНАТОРУ:

- «data science» - бул багыттын негизинде маалыматтарды иштетүү жатат. Азыркы тапта маалыматтар абдан көп. Биздин студенттер көлөмдүү маалыматтар менен да, машиналык окуунун  алгоритмдерин өздөштүрүшөт. Алдыдагы 3-5 жылда биздин бүтүрүүчүлөрүбүзгө суроо-талап жогору болот.

Университеттин ЭКСПО аймагында жайгашуусу жөн жерден эмес. Бул жерде эл аралык IT-технопарк орун алган. Башкача айтканда, студенттер өздөрүнүн стартаптарын «Astana Hub» экосистемасында өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Фото: Хабар 24