Билим берүүнүн жаңы ыкмасы

Адамдык капиталды өнүктүрүү-жаңы ааламдык тренд жана билим берүү анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Бул тууралуу Kazakh TV телеканалынын кабарчысына EdTech серепчиси Кваме Ямгнане маалымдады. Анын айтусуунда, 21-кылым «билим» түшүнүгүнүн концепциясын өзгөрттү. Ал жаңы технологиялар көпчүлүк үчүн жеткиликтүү. Ошондуктан серепчи өнүккөн өлкөлөргө EdTech жаңы технологияларын колдонуп калуу кажет деп эсептейт. Бул - онлайн билим берүү, окутуу ишинде жасалган интелектти пайдалануу, аралыктан окутуу сабактары, билим берүү хабтары. Бул ыкма мугалимдер менен студенттердин убакыталарын үнөмдөйт.

Кваме Ямгнане, билим тармагынын серепчиси:

- Эмне өзгөрөт, болгону мугалимдин ролу өзгөрөт. Эми жазган маалыматын кагаз бетине чыгарып, мугалимге текшертип берүүнүн ордуна, сиз жөн гана компьютерге чыгарасыз жана компьютер сизди баалай турган болот. Бул мугалим үчүн жакшы ыкма эмеспи? Эми ага көптөгөн тапшырмаларды текшерүүгө убакыттын кажети жок, анын ордуна ал студенттер менен көп убакыт өткөрө алат же дагы башка да иштер менен алектене алат. Жаңы технологиялар билим берүү ишин өзгөртөт. Бирок адамдар үчүн адам менен адамдын карым-катнашы ар дайым маанилүү болуп кала берет.

EdTech элдин бардык топторуна билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Жаңы технологиялар окуу тартибин арзандатып, аны кыйла жакшыртты. Ошондуктан аларды колдонуу айрыкча өнүккөн өлкөлөр үчүн маанилүү деп эсептейт Кваме Ямгнане.