Жаш окумуштуулардын ойлоп табуулары

Казакстандын жаш окумуштуулары ичүүчү суунун коопсуздугун камсыз кылууга олуттуу салым кошууда. Куржунга батып кете турган бул жабдуу күнүнө 50 литр сууну тазартууга жөндөмдүү. Ал эми бир үлгүсүнө чыпка жаргакчасы орнотулган. Муну алып жүрүү ыңгайлуу. Типтүү лаборотория же өндүрүштүк көлөмдө сууну алып жүрүүгө жарамдуу. Азырынча өлкөдө үлгүлөрү жок уникалдуу технологиялык долбоорлор ата мекендик жана евразиялык патентке ээ.

НУРХАТ ЖАКИЕВ, ЖАШ ОКУМУШТУУ:

- Тек сууну гана тазартуу эмес, ошону менен катар башка да суюктуктарды тазартууга болот. Алдыда суюк негизде иш жасаган аккумуляторду жасоого мүмкүндүк берет. Дары-дармек колдонуу чөйрөсү кенен болот. Акустикалык толкундардын жардамы менен сууну чыпкадан өткөрүүнү өздөштүрүүдөбүз. 

АРМАН ЕСЖАНОВ, ЖАШ ОКУМУШТУУ:

- Наносенсордук түзмөктү кураштырып жатабыз. Ал азыркы изилденип жаткан талдоо үстүндөгү долбоор. Бул сенсорлор аркылуу биз суунун курамындагы өтө төмөн металдарды аныктап, суюктукту татаал ыкма менен тазарта алабыз.

Казакстандык жаш окумуштуулардын ойлоп табуулары дүйнөлүк деңгээлде таанылат. Жакында Назарбаев университетинин студенттери кураштырган скутер Барселона шаарында өткөн эл аралык сынакта мыкты деп табылды. Салттуу турнирде дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген жаш инженерлердин жөндөмү талдоого алынат. Сынакка катышкан ата мекендик 150 ваттык акуммулятору менен электр скутер 20 чакырым жолду кыскарта алат. Ал сынактын башка талаптарына да шайкеш келди. Учурда долбоор жакшыртылып жатат.

ЕРСУЛТАН БАЙМУХАН, НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТИ:

- Бул скутердин эргономикасы текшерилди. Ошондой эле скутер жаанда дагы сындан өттү, талап боюнча мүнөт чыдоо керек эле. Кыймылдаткыч жөндөмдөрү текшерилет. Ылдамдыгы жана канча чакырым жүрө алат. Муну менен катар бурулуш ыкымы текшерилди. Ошол тесттердин корутундусу боюнча биз биринчи орунду багындырдык.

МАКСАТ АНУАРБЕК, НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТИ:

- Биздин скутердин смартфонго арналган программасы бар. Программа аркылуу колдонуучу тек өзү кире алат. Жаңы блютуз аркылуу сыр сөзүн жазып гана скутерге кошулуп жүрө алат. Аны башка адамдар жүргүзө албайт.

Өлкөдө акыркы жылдары бир катар дымактуу жаш топтордун биргелешкен жабдууларды иштеп чыгуу аракеттери байкалууда. Чыгармачыл жаштардын топтук иши жана демилгелери өкмөт тарабынан чоң колдоого ээ. Бүгүнкү күндө Казакстандагы окумуштуулардын 40% ын жаштар түзөт.

Автор: Женис Ермуканов

Фото: heinnie.com