Дрон Казакстандагы сайгактардын өсүшүн көзөмөлдөйт

Эми казакстандык сайгактар абадан корголот. Табиятты коргоо кызматында жеке учуучу жабдуу пайда болду. Анын жардамы менен өлкөнүн аймагында жашаган түрлөрдүн так санын аныктоо мерчемделүүдө. Канатын жайган кезде 3 метрге чейин жеткен, 12 килограммдык “темир кушту” Каспий кур түтүк консорциуму белекке берген.

КАЙРГЕЛЬДЫ КАБЫЛДИН, «КТК-К» БАШКЫ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Менин оюмча, бул учкучсуз учуучу аппарат сайгактарды көзөмөлдөөгө, алардын курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирин баалоого, аларды мыйзамсыз атуулардан коргоого мүмкүнчүлүк берет.

Бүгүнкү күндө Казакстанда 300 миңден ашуун сайгак бар. Бирок, алардын так санын аныктоо өтө кыйын. Авиатехниканын ижара акысынын жогору болгондугуна байланыштуу учууларды туруктуу негизде жүргүзүү өтө кымбат. Маселени чечүү жолу - учкучсуз учуучу аппараттардын пайда болушу.  Жакын арада мындай техниканын саны кыйла көбөйөт.

ЕРЛАН НЫСАНБАЕВ, КР ЭКОЛОГИЯ, ГЕОЛОГИЯ ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ БОЮНЧА ВИЦЕ-МИНИСТР:

- Биз быйылкы жылы бул техниканы колдонууга мүмкүндүк берген ченемдик документтерге өзгөртүүлөрдү киргизе баштадык. Биз мындай ченемдик базаны даярдап жатабыз. Ал эми жылдын аягына чейин калыптанат.

Жакынкы арада пилотсуз  учуучу аппараттар сайгактарга мониторинг жүргүзүү үчүн гана эмес, броконьерлерди, буга катар өрттөрдү жана жапайы жаныбарлардан башка да коркунучтарды аныктоого көмөктөшөт деп күтүлүүдө.

Фото: inosmi.ru