Костанай облусунда дан уруктарын тазарта турган заманбап жаңы комплекс ишке кошулду

Костанай облусунда дан уруктарын тазарта турган заманбап жаңы комплекс ишке кошулду. Ал жогорку сапаттуу урук алууга мүмкүнчүлүк берет. Дандуу аймактагы жаңы комплекс автоматтык системанын негизинде данды өсүмдүктөрдү ылгап, сорттоп, тазартып, уругун, андан кийин калдыгын жеке бункерлерге бир заматта бөлүп салат. Өндүрүштүн жалпы кубаттуулугу саатына 10 тонна.

АЛЕКСАНДР СЕМКО, МЕХАНИКАЛЫК КЫРМАНДЫН БАШЧЫСЫ:

- Мурдагыдай ташып, оодарып, убара болбойбуз. Бул жерде эки адам гана кызмат көрсөтөт. Ар бир бункерде, алар менен байланышкан тасмалуу ташуучуларда датчиктер орнотулган. Эгер да шуулдап, же бүтөлүп калса, жалпы кемтик табылып жатса, бул компьютер дароо белги берет. Кайсыл жерде маселе болгонун көрө алабыз. Абдан ыңгайлуу.

Федоров районундагы чарбачылыктарынын биринде жыл сайын 20 миң гектарга дан эгилсе, анын жарымы буудай чарбачылыгына берилет. Түшүмдүүлүк 20 центнерди түзөт. Жер иштетүүчүлөрдүн айтымында мындай көрсөткүчтөргө айдоо аркылуу жетишүүгө мүмкүн болду. Алдыдагы убакытта да чарбачылыктарды колго алган жумушту улантууга ынтызар. Ошондой эле, чарбачылыктар түшүмдүүлүктү заманбап техникалардын аркасында дароо 10-15 пайызга көбөйтүүгө кызыктар.

КАЙРАТ ОСПАНОВ, ЧАРБАЧЫЛЫКТЫН БАШЧЫСЫ:

- Бул комплекс урукту сорттоп, эң түшүмдүү данды тандоого мүмкүнчүлүк берет. Алдыдагы убакытта ушул заманбап  техниканын аркасында түшүмдүүлүк көбөйө түшөт деп күтүп жатабыз.

Айыл чарба министрлигинин божомолуна ылайык, 2019-жылы дандуу өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү өткөн жылдын деңгээлинде болот. Эскерте кетсек, 2018-жылы 20 миллион тоннадан ашуун дан жыйналган.

Фото: kt.kz