Тоо-кен металлургия өнөр жайын санариптештирүү

Акыркы 10 жылда индустриялдаштыруу программасынын алкагында Казакстандын тоо-кен металлургия комплексинде 114 долбоор ишке кошулду. Анын көпчүлүгү төртүнчү өнөр жайлык төңкөрүштүн стандарттарына жооп берет. Аны менен бирге, тоо-кен өндүрүү ишканаларын санариптештирүүнүн алкагында 2025-жылга чейин жалпы баасы 1,7 триллион теңге болгон 200гө жакын долбоорду ишке ашыруу көздөлгөн. Мындан болгон экономикалык пайда 2 триллион теңгеден ашуун суммага бааланып жатат. Ошондой эле, адистердин айтымында, төртүнчү өнөр жайлык төңкөрүш кезеңинде адам капиталынын маанилүүлүгү төмөндөбөйт. Билимдүү адистердин билими менен тажрыйбасы ар дайым керек.

ЕРНАР САРЖАНОВ, ИНДУСТРИЯЛЫК КОМИТЕТТИН СЕЙРЕК МЕТАЛЛДАР ЖАНА ТҮСТҮҮ МЕТАЛЛУРГИЯ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Биз 20 жылдан кийин эмне болорун алдын ала айта албайбыз. Бир гана нерсе анык. Санариптештирүү, роботтоштуруу толук түрдө адамдарды алмаштыра албайт. Жакынкы арада адамдар өз иштерин аткара беришет. Мисалы үчүн, өнүккөн Австрияда  бүгүнкү күнгө чейин тоо жумушчулар отряды бар. Алар мурдагыдай эле иш алып барышат. Ошондуктан, тоо-кенчилердин жумуштары ар дайым керек болот. Бирок аны технологиялардын жардамы менен жеңилдетүү керек.

Фото: Хабар 24