Назарбаев Университетинин Илимий тажрыйбалык цехы

Жөнөкөй окуу усулдук куралдарынан баштап  курулушу татаал роботтор. Назарбаев Университетинин ойлоп табуулары дал ушул илимий тажрыйбалык цехтен чыгат. Заманбап орнотмолор менен жабдыкталган өндүрүштүк устаканада  жез, болот, коло, жыгач сыяктуу каалаган табигый материалдан тапшырыкка ылайык буюмдар жасалат.  

ЕРКЕН БЕКТАСОВ, НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН ТАЖРЫЙБАЛЫК- ЭКСПЕРИМЕНТТИК ЦЕХИНИН  ӨНДҮРҮШ БАШЧЫСЫ:

- Бул Назарбаев университетинин инновациялык класстеринин Machine Shop тажрыйбалык цехинин өзгөчө орнотмолорунун бири. Биз анын жардамы  менен монипулятор роботтун негизин жасап жатабыз. Ал ар түрдүү жүктү жүктөп, ташууга арналган тапшырмаларды аткара турган болот.

Цех кызматы жаңы ойду кураштыруудан баштап, даяр чечимди сунуштоого чейинки бардык кезеңдерди камтыйт. Сунушталган долбоордун алгачкы түп нускалуу үлгүсү аталган жерде сынактан өтөт. Цехте санариптик программалык башкаруусу бар жогорку технологиялык универсалдык орнотмолор колдонулат.

БЕКЗАТ ТІЛЕГЕН, НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН ТАЖРЫЙБАЛЫК- ЭКСПЕРИМЕНТТИК ЦЕХИНИН ИНЖЕНЕР ТЕХНОЛОГУ:

- Аталган станокто дароо бир нече материалды иштетүүгө болот. Көп кырдуу айланма орнотмо аркылуу импеллер, турбина калагы сыяктуу татаал буюмдарды жасап чыгарууга арналган. Жөнөкөй станоктор андайга жарабайт. Ал 30дан 110 градуска чейин айланып, дароо бир нече тепкичте иштетүүгө жөндөмдүү.

Альтернативасы жок прототип үлгүлөрдү жасоо үчүн комплекстүү ыкмалар колдонулат. Мисалы үчүн, тасманы механикалык тилүү, данакерлөө керек болсо лазердик кесүү мүмкүнчүлүктөрү караштырылган. Металлды ысытып иштетүүгө арналган меш да бар. Алдыдагы убакытта цехтин технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн дагы да кеңейтүү көздөлүүдө.

ЕРКЕН БЕКТАСОВ, НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН ТАЖРЫЙБАЛЫК- ЭКСПЕРИМЕНТТИК ЦЕХИНИН  ӨНДҮРҮШ БАШЧЫСЫ:

- Жаңы технологияларды киргизип жатабыз. Азыр 3Д принтинг ыкмасын өздөштүрүүнү колго алдык. Бул металл иштетүү ишиндеги жаңы багыттардын бири. Тажрыйбалык үлгүлөр так изилдениши керек. Ал үчүн алюминий, болот сыяктуу металл күкүмдөрү атайын станокто басылып чыгарылат. Ал лазердик же эритүү жараяны аркылуу ишке ашат. Натыйжасында күкүм металдарды кошуу аркылуу биз керектүү көлөм жасай алабыз.

Цехтин бул бөлүгүндө электрондук такталар менен чиймелер жасалат. Чеберкананын фондундагы бардык курал-шаймандар да студенттерге берилген.

ЕРСУЛТАН БАЙМУХАН, НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТИ:

- Электрондук чеберканада Назарбаев университетинин студенттери үчүн көптөгөн шарттар түзүлгөн. Студенттер өздөрүнүн ойлорун оңой жолдор менен ишке ашыра алат.

Былтыры 188 тапшырыкты аткарган цех адистери быйыл 250дөн ашуун долбоорду ишке ашырууну көздөп жатышат.

Авторы: Женис Ермуканов

Фото: nu.edu.kz