Казакстан Кытайдын айыл чарба технологияларын киргизүүдө

Казакстан Кытайдын айыл чарба багытындагы тажрыйбасын киргизүүнү колго алды. Алматыдан 70 чакырым жерде агрардык инновациялардын артыкчылыктарын көрсөтүүгө арналган Казакстан-Кытай биргелешкен тажрыйбалык айдоо аймагы бир нече жыл катары менен ийгиликтүү иштеп келет. Бул жерде Кытай Эл Республикасынын ири долбоорлору менен дан үрөндөрүн айлан-чөйрөгө көндүрүү боюнча иштер аткарылат. Жалпысынан буудайдын, жүгөрү, буурчак, рапс жана башка 46 үрөн талдоого алынат. Ысык аба ырайы буудай өндүрүүгө тоскоолдук кылбайт. Кылкандуу дан эгиндери отоо чөптөн арылып, атайын тазалоо жараянынан өтүп жатат. Өсүмдүктөр ар кандай оорулар боюнча текшерилет.

СВЕТЛАНА МИХАЙЛОВА, КЫЗМАТКЕР:

- Буудайдын түрү көп. Эмнени эксен ошону аласын. Бийик болуп өсүшүнө ар кандай факторлор таасир этет. Былтыр кытайлык түрүн тазаладык. Сапат жагынан айырмачылыктар бар. Кытайдын уруктары кичинекей, ал эми биздики чоңурак келет.

Кытайдын күздүк буудай уругу тажрыйбадан ийгиликтүү өттү. Жергиликтүү аба ырайына да жакшы ылайыкташкан. Оорунун түрлөрүнө да чыдамдуу келет. Өнүмдүүлүгү да жакшы экенин көрсөттү. Азыр ал 10 гектар жерге эгилген. Жанындагы башка үрөн түрлөрү да ушундай сыналууда.

МАНШҮК ЖЕКСЕМБЕКОВА, "ИНТЕГРАЦИЯ-ТУРГЕНЬ" ЖЧК МҮДҮРҮ, БИОЛОГИЯ ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ:

- Өзүбүздүн ата мекендик уруктарды да сээп көрдүк. Буга кошо Орусиядан алып келинген дандар сыноодон өтүп жатат. Тажрыйба селекциялардын өзгөчөлүктөрүн аныктоо үчүн жасалууда. Кытай, Орусия жана жергиликтүү уруктардын чыгымдуулугу менен катар геохимиялык курамы изилденет. Башкача айтканда, алардын түшүмдүүлүгү талдоого алынат.

Айыл чарба инновацияларын иш жүзүндө таанытууга арналган Казакстан менен Кытайдын биргелешекен тажрыйбалык айдоо аянты Алматы аймагынан Тургень айылынын жанында жайгашкан. Бул жерде Шэнси провинциясынын Янлин аймагы тажрыйбасын киргизүү боюнча иштер аткарылып жатат. Бул 10 эсе айдоо аянтын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет.  Адистер белгилегендей, бул багыттагы биргелешкен аракеттер Казакстандын агро өнөр жай комплексинин дараметин жогорулатууга көмөк көрсөтөт. Уруктар толук изилденип, сертификатталгандан кийин сатууга коюлат.

ЧЖАО ЭРЛУН, "ШЭНЬСИ ЯНЛИН" ЖЧК АДИСИ:

- Биздин компания ушул жердеги кызматын 2015-жылы баштаган. Ал кезде биз казакстандык аграрчылар менен келишим түзгөнбүз. 4 жылдын ичинде көңүл жылытарлык жетишкендиктерге жетиштик. Бул азык технологияларды колдонуу аркылуу 46 кылкандуу дан түрүн өстүрөбүз.

МАНШҮК ЖЕКСЕМБЕКОВА, "ИНТЕГРАЦИЯ-ТУРГЕНЬ" ЖЧК МУДҮРҮ, БИОЛОГИЯ ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ:

- Биз жылда Алматы облусунда фермер күнүн өткөрүп турабыз. Биз ал жыйындарда бир жылдык жетишкендиктерибиз менен бөлүшүп, калаанын жаңылыктары менен тааныштырабыз.

Бир гана Тургень айылдык округунда 700 чарба катталган. Көпчүлүгү өсүмдүк чарбачылыгы менен алектенет. Жергиликтүү аткаминерлер Кытай менен кызматташтык орнотууга кызыктар.

ЕРЖАН КАРИБАЕВ, АЛМАТЫ ОБЛУСУНУН ТУРГЕНЬ АЙЫЛ АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Чет элдик технологдордун келүүсүнөн баштап жергиликтүү бийлик өкүлдөрү колдон келишинче колдоо көрсөтүүгө аракет кылууда. Инвесторлор ушул жердеги тургундардын үй маселесин биз аркылуу чечет. Жергиликтүү аткаруучу мекеме өкүлдөрү болгондуктан жерди ижарага берүү жана документтерди өз убагында тариздөө боюнча демөөрчүлүк кылабыз.

Кытай аграрчылары казакстандык кесиптештери менен күнөсканаларда жер-жемиштерди өстүрүү технологиясы менен бөлүшүүгө даяр. Жакында помидор отургузуу иштери башталат. Андан кийин, Кытай калемпири менен бадыраң себүү каралган. Алгачкы түшүм кышында алынат.

Фото: informburo.kz