Айыл чарбачылыгындагы жаңы технологиялар

Казакстан айыл чарбасында жаңы технологияларды киргизүү боюнча жигердүү иштерди жүргүзүүдө. Бул өндүрүмдүүлүктү, өнүмдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана инвестиция тартууга мүмкүндүк берет. Америкалык ири компаниялардын бири ата-мекендик айыл чарбасында инвестициялык долбоорлорго кызыгуу артууда. АКШнын ишкерлери ирригациялык жабдууларды өндүрүү боюнча заводду куруунун башталышы тууралуу документке кол коюшту. Долбоор алдыңкы чарбалардын тармагын түзүүгө жардам берет. Анда сугаруу жана тоют өндүрүү жаатындагы заманбап технологиялар колдонулат. Заводдун курулушуна инвестициянын жалпы көлөмү 50 миллион долларды түзөт.

СТИВ КАНЕВСКИ, КОМПАНИЯ ПРЕЗИДЕНТИ /АКШ:

- ЭКСПО көргөзмөсү өткөн кезде Казакстан менен ыктымакташтыкта иштешүү идеясы пайда болду. Биз силердин өлкөнүн аракети менен мүмкүнчүлүктөрүн байкап көрдүк. Себелеткич машинанын көмөгү менен колдонула турган технология өнүмдүүлүктү бир нече эсе арттырат, ал өнүмдү өстүрүү үчүн пайдалана турган суунун көлөмүн азайтат.

Серепчилердин айтымында, жаңы ишкананын өнүмү өлкөгө, айдоо аянттары жана жайыттары көп жерлерде талап кылынат.

САПАРХАН ОМАРОВ, РКНЫН АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРИ:

- Казакстанда бүгүн 1,4 миллион гектар сугат жерлери бар, 2021-жылга карата дагы 600 миң гектар жаңы жер бөлүп берүүнү пландаштыруудабыз. Жалпысынан 2027-жылга карата 3 миллион гектарга жакын сугат жерлер жүгүртүүгө чыгарылышы керек. Бул үчүн сугат керек, ошондуктан Казакстандагы жабдууларды чыгаруу зарыл. Салымдардын жалпы көлөмү 50 миллион долларды түзөт. Өндүрүштүн көлөмү жылына 1000ден ашуун унааны түзөт.

Казакстандын фермерлери өлкөдө ишке киргизилген агроөнөр жай инновацияларынан оң натыйжаларды көрүп жаткандыгын белгилей кетүү керек. Тармакты санариптештирүү жолу менен айдоо аянттарына космостук мониторинг жүргүзүү системасы киргизилди. Бул түзүлүш топурактын кыртышын азайтуу, өсүмдүктөрдүн биологиялык жетилүү, жердин органикалык көп түрдүүлүгүн жана аба-ырайынын өзгөрүүсү тууралуу маалыматты 98 пайыз так берет, дешет адистер. Санарипке өтүү менен дыйкандар көңүл бурууга керек болгон өсүмдүктөрдү эгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатат.

ШЫНБОЛАТ ЫРЫСАЛИЕВ, «КАЗАК ЭГИНЧИЛИК ЖАНА ӨСҮМДҮК ЧАРБАЧЫЛЫГЫ» ГЗИ БАШКЫ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Өлкөнүн түштүк-чыгышында акыркы 2-3 жыл катары менен дандын жаңы сортторун эгип келебиз. Жаңы техниканы колдонуп, жакшы түшүм алып жатабыз. Мурда Казакстанда көп аянт сулу өстүрүүгө жумшалчу. Биз муну да изилдеп, гектарына 25 килограммдан эктик. Жакшы түшүм аларыбызга ишенебиз.

Өлкөдө 200дөн ашуун агроформация, 177 миң дыйкан чарбасы бар. Серепчилердин пикири боюнча, өз ишинде дыйкандар өлкөнүн агро-өнөр жай комплексин жаңы деңгээлге көтөрүп, илимдин жетишкендиктерин киргизүү менен экспорттун көлөмүн көбөйтө алышат.

Фото: bnews.kz