Казакстанда блокчейн технологиялары системалык түрдө киргизилүүдө

Казакстанда блокчейн технологиялары системалык түрдө киргизилүүдө

Казакстанда блокчейн технологиялары системалык түрдө киргизилүүдө. Адистердин пикири боюнча, жакынкы беш жылда мындай аракеттер дүйнөлүк экономикага гана эмес, жашоонун башка чөйрөлөрүнө да таасир берет. Ал мамлекеттик түзүмдөрдүн ишин оптимизациялоого, убактылуу чыгымдарды кыскартууга мүмкүнчүлүк берет. Ошентсе да, блокчейнди ишке киргизүүнүн негизги артыкчылыгы болуп ишенимдүүлүккө жетишүү саналат. Ошондуктан, жаңы технологияларды колдонуу менен чек араларда товарларды таңгактоо, мамлекеттик сатып алуулар жана башкаларды пландоого болот.

САНДРА РО, БЛОКЧЕЙН ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ ӨНДҮРҮҮЧҮ КОМПАНИЯНЫН БАШЧЫСЫ: 

- Бул биздин Казакстанга болгон алгачкы сапарыбыз. Биздин максат – жергиликтүү өнөктөштөр менен мамилени өнүктүрүү. Келечекте Казакстанга дагы келебиз деп ойлойм. Биз өлкөдөгү блокчейн экосистемасы өнүгүшү үчүн кызматташып, ишкерлерге жардам берүүнү каалайбыз.

Мындан тышкары, санариптик коргоо системасы бала бакча жана клиникаларда электрондук кезекке турууга шарт түзөт. Серепчилердин пикири боюнча, ири эл аралык компаниялар менен кызматташуу келечекте технологияларды толук пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.

КАЙРАТ КАЛИЕВ, АЭКБнын ӨНҮКТҮРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ МҮДҮРҮ:

- Дүйнөдөгү эң ири блокчейн компания Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында кеңсе ачууну пландоодо. Мындай компаниялар менен кызматташуу блокчейн базасында натыйжалуу долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Бул санариптештирүү программасынын милдеттеринин бири.

Бүгүнкү күндө Казакстанда блокчейн-технологияларын жөнгө салуу жөнүндө мыйзам долбоору даярдалууда.

Фото: kramola.info