Кожа Ахмет Яссауинин күмбөзүнүн жанына чатырлар орнотулат

Түркестанда Кожа Ахмет Яссауи күмбөзү жайгашкан аймакта чоң чатырлар тигилет. Ал шаар тургундары менен келген туристтерди ысык күндөн коргоо үчүн эл көп жүргөн жерлерге орнотулат. Адистердин айтуусунда, чатырлардын бийиктиги 12ден 20 метрге чейин болот. Чоң чатырлар таң эртеден күн шооласы чыккан кезде автоматтык түрдө ачылып, кечкисин өзү жабылат. Айта кетсек, ушуга окшош чатырлар Бириккен Араб Эмираттарында кеңири колдонулат.

ЖАНБОТА ОРАЗБАЕВА, ТАБИГЫЙ МОНОПОЛИЯНЫ ЖӨНГӨ САЛУУ ДЕПАРТЕМЕНТИНИН БАШКЫ АДИСИ:

- Бул чатырлардын айырмачылыгы эмнеде? Биринчиден, бул адамдарды күн нурунан коргойт. Экинчиден, бул чатырларда суу чачыратуучу желдеткичтерди орнотууну караштырып жатабыз. Башкача айтканда, суу чачыраткычтар болот. Кичинекей оргумалар сыяктуу. Адамдарга суу чачырап турат. Ысык мезгилде желдеткич кошулуп, суу себилет жана абаны салкындатат. Ошондой эле, долбоордо вай-фай желеси да каралган. Азыркы кезде бул эң актуалдуу. Анткени Түркестанга жаштар көп келет.