Агро өнөр жай комплексин санариптик системага алмаштыруу

Агро өнөр жай комплексин санариптик системага алмаштыруу

Казакстандык чарбачылыктар заманбап технологияларды кеңири колдоно баштады. Агро өнөр жайлык комплексти санариптештирүүнүн алкагында беш жылдын ичинде кем дегенде 20 санариптик жана төрт миң мыкты ферма куруу мерчемделген. Автоматташтыруу түшүмдү жогорулатып, чыгашаларды азайтат. Костанай облусунда аны иш жүзүндө далилдеп жүргөн чарбачылыктар бар. Бул жерде мындан үч жыл мурда жаңы система киргизиле баштаган. Бүгүнкү күндө айыл чарба техникаларынын бардыгында спутниктик навигаторлор орнотулган. Аны менен катар, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ооруларын автоматтык түрдө аныктай турган система да ийгиликтүү иштеп жатат. Ал минералдык жер семирткичтер чыгашасын кыскартып, талааларга химиялык таасирди азайтат.

ИБРАШ ЕСТАЕВ, ДЫЙКАНЧЫЛЫК ЖЕТЕКЧИСИ:

- Санариптештирүүнүн пайдасы абдан жогору. Эми талаанын бардык тарыхы менен тааныша аласың. Канча жылдан бери иштетилип жатат, кайсы жылдары кандай өсүмдүктөр эгилген жана кандай жер семирткичтер колдонулганын биле аласың. Ошондой спутниктин жардамы менен кайсы жерлерге жер семирткич себүү керек экенин аныктай алабыз. Жаңы технологиялар убакыт жана каржыны кем дегенде 25-30 пайызга кыскартат.

Түркестан аймагындагы фермерлер да санариптик чарбачылыктардын артыкчылыктарын баалоого жетишти. Серепчилердин пикиринде, автоматташтыруу өндүрүлө турган сүт өнүмдөрдүн көлөмүн жогорулатып, сапат көрсөткүчүн жакшыртат. Бир «робот саанчы» күнүнө үч жолу 70 уйду саайт.

АБЫЛАЙ АБИШОВ, КОМПАНИЯНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Бул роботтордун айырмачылыгы азыркы менен салыштырганда бир нече эсе арзан. Алдыңкы роботтор 7-8 мүнөттө бир уйду сааса, бул 5 мүнөттө саайт. Бир роботко 60 эмес, 70 уйдан туура келип жатат.

Ал эми Алматы облусундагы мал чарбачылыгы сүт өнүмдөрүн өндүрүүдө жаңы ыкма колдонот. Ферманын ичинде абанын өзү жыл мезгилине ылайык жылытылып салкындатылат. Бул жерде да саан системасы киргизилген. Долбоорду ишке ашыруу үчүн жалпы наркы 2  миллиард теңгедей каржы жумшалды.

ЖАНАТ МАКСИМ, ФЕРМАНЫН ОПЕРАТОРУ:

- Биз кадрларды даярдоо, мал багуу, жем-чөп маселесин башкы назарга алдык. Долбоор жалпы 400 уйду камсыз кылууга арналган. Азык базасын кеңейте турган болсок, тиешелүү түрдө мал башын да көбөйтөбүз.

Агро өнөр жай комплексин санариптештирүү өндүрүш сапаты менен көлөмүн жогорулаткандан сырткары, чарбачылыктын эмгегин да жеңилдетет.

Фото: agri-pulse.com