Казакстан-Корея: Санариптештирүү тармагындагы кызматташтык күчөйт

Казакстан-Корея: Санариптештирүү тармагындагы кызматташтык күчөйт

Казакстан менен Түштүк Корея санариптештирүү тажрыйбасы менен алмашты. Инчхон шаарында өткөн иш-чара борбордогу мамлекеттик кызмат багытындагы Аймактык хаб уюштурду. Түштүк Корея электрондук өкмөттү өнүктүрүү көрсөткүч боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Казакстан – отуздуктун ичинде. Ал эми өткөн айда түштүк кореялыктар беш джи байланышты пайдаланууга мүмкүнчүлүк алды. Анын бир артыкчылыгы – алыстыктан медициналык операциялардын санын көбөйтүүгө болот.

ФИЛИПП ЛИ, КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КООМДУК АКИМЧИЛИК ЖАНА КООПСУЗДУК МИНИСТРЛИГИНИН ӨКҮЛҮ:

- Казакстандын жер аймагы чоң. Ошондуктан аймактарда билимдүү дарыгерлер жетишпеши мүмкүн. Корея Республикасы көлөмү жагынан чакан болсо да, дал ушундай маселе пайда болот. Алыстагы аймактарда сабаттуу дарыгерлер таңсык. Ошондуктан биз беш джи технологиясын пайдаланып сырттан операция жасайбыз.

Инчхон эл аралык аба майданында быйыл биометрикалык бет-жүздү таануу технологиясы киргизилди. Бул учакка паспортсуз же талонсуз түшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жергиликтүү адистер казакстандык кесиптештерин ушул жана башка жаңы технологиялык жетишкендиктери менен тааныштырды.

Аталган системанын аркасында экспорт жана импорт өнүмдөрүн бажылык тариздөө өтө тез жүргүзүлөт. Ушундай технологияны кез келген мамлекетте, башкача айтканда, Казакстанда да киргизүүгө болот. Анткени ал эл аралык талаптарга ылайык келет. Жалпы «Санариптүү Казакстан» программасынын алкагында кээ бир акылдуу технологиялар быйыл киргизилет.

АБЫЛАЙХАН ОСПАНОВ, РК САНАРИПТИК ӨНҮГҮҮ, КОРГОО ЖАНА АЭРОКОСМОС ӨНӨР ЖАЙ ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Бизде тыгында туруп калган унаа санына байланыштуу автоматтык түрдө иштеген, белгилүү бир белгишамдарды которуп-кошкон акылдуу көчө жолтоомторубуз бар. Аны менен катар, автобустар кайсы убакытта келет, аны кабарлай турган акылдуу аялдамалар да орнотулган. Ошондуктан смарт сити долбоорунун киргизилүүсү иш жүзүндө бардык шаарларыбызда башталды десек болот.

Казакстандын электрондук өкмөтү Түштүк Корея моделинин негизинде өнүктүрүлдү. Эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык мындан ары уланат. Жакында өткөн эки өлкө Президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча Нур-Султанда казак-корея эл аралык ай-ти борбору ачылат.

Фото: ukrinform.ru