Эгин жана жайыт жерлерди мониторингдөө системасы

Эгин жана жайыт жерлерге мониторинг жасоо системасы ар бир чарбачылыкка жеткиликтүү болуусу керек. Нур-Султандык ишкер Жандос Керимкулов жергиликтүү фермерлерге өзүнүн агростартап долбоорун сунуштап жатат. Бул – космостон тартылган сүрөттөрдүн негизинде айыл чарба жерлерин талдоо кызматы. Жаш адис өз командасы менен бирге европалык жана америкалык спутниктер тарткан сүрөттөрдү космос агенттиктеринин ачык маалыматтар базасынан алат. Долбоор авторунун айтымында, бул мониторинг баасын алда канча арзандатат. Ушундай шарттарда, агрономдор убакыт менен каражатты үнөмдөйт, ошондой эле, адаттагыдай, талааны күндө кыдыруу зарыл болбойт. Эгин жана жайыт жерлердин тилкелерин 10 метрге чейинки тактык менен көрө алат. 

ЖАНДОС КЕРИМКУЛОВ, ДОЛБООР АВТОРУ:

- Сиз эгин талааларынын кадастрдык номерин тересиз. Ал боюнча анын чек арасын аныктайбыз. Андан кийин сурам жиберебиз. Кийин керектүү сүрөттөрдү жүктөйбүз да, радиометрикалык коррекция жасайбыз, мындан соң ар түрдүү индекстер боюнча эсептөө жүргүзөбүз. Браузерде иштөөгө ыңгайлуу болушу үчүн аны веб нускага өткөрөбүз. Андан ары эгин талаасын толук талдоо жүргүзүлөт.

Окумуштуунун айтымында, мындай мониторинг – так эгин чарбачылыгынын куралдарынын бири.  Картография дыйкандарга жер тилкелеринде орун алган көйгөйлөрдү көзөмөлдөөгө жана аларды жоюу үчүн керектүү чараларды ыкчам кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет. Казакстандык стартаптын жардамы менен топурактын нымдуулугун, азот деңгээлин, жааган кардын бийиктигин аныктоого жана эгин түшүмүн болжоого болот. Белгилей кетсек, сүрөттөр беш күн сайын жаңыртылып турат. 

ЖАНДОС КЕРИМКУЛОВ, ДОЛБООР АВТОРУ:

- Эгин эгип, кайсы жерлерге эгин чыкпасын, кийинки жолу ошол жерлер тууралуу билип турасыз же вегетациялык кезде өсүмдүктөр кандайдыр бир ооруга учураса, дароо аныктап чара көрүүгө болот. Ушундай шарттарда, оорунун эгин талаасына жайылуусун болтурбайсыз да, эгиниңизди сактап кала аласыз.

Келечекте Жандос бул долбоор менен чет өлкөлүк, анын ичинде орусиялык рынокко чыгат. Анын пикиринде, айыл чарбасы өлкө экономикасынын негизин түзгөн Африка өлкөлөрүнүн мүмкүнчүлүгү жогору. Бирок азыркы кезде ал долбоорун Казакстанда кенен киргизүүгө басым кылып жатат.

Фото: forbes.kz