«Smart Zholy» программасы жыйынтыкталды

«Smart Zholy» программасы жыйынтыкталды

«Smart Zholy» акселерациялык программасынын калыстар тобу жеңишке жеткен он команданы аныктады. Бугу айынын 24ү 25инде алардын долбоорлору Сингапурда Түштүк – Чыгыш Азиянын ири стартап-аянтында көпчүлүктүн назарына сунушталат. Биринчи Президенттин фондунун акселерациялык программасы үч жылдан бери жаш казакстандыктарга өздөрүнүн жаңы жаңылыктары менен дүйнөлүк рынокто бөлүшүүгө жана венчурдук инвесторлорду табууга мүмкүнчүлүк берип келет. Быйыл ага 60 команда, башкача айтканда Казакстандын ар кайсы аймактарынан 250дөн ашуун адам катышты.

АЗАМАТ ГАЛЫМЖАНОВ, СТАРТАПЧЫ:

- Биз биометриялык банкоматтар, биометриялык ылайыкташтыруу системаларын кураштырабыз. Башкача айтканда, жеке күбөлүктөрдү сканерлейбиз, андан кийин адам сүрөткө түшөт, ал эми биз ал адамдын жүзүн уникалдуу касиеттери аркылуу анын жеке күбөлүгүн берген адам экенин салыштырабыз. Аны ар түрдүү багыттарда колдонууга болот: көзөмөлдөө –өткөрүү бекеттеринде.

Сингапурда финалда өз долбоорлорун тааныштыра турган жаштар чет өлкөлүк сатып алуучуларды табып гана койбостон, ошондой эле, өз иштерин өнүктүрүү үчүн кошумча каржы тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

МӨЛДИР КУСАЙЫНОВА, СТАРТАПЧЫ:

- Долбоордун аты фокс-аут.кз, бул азыркы замандын талабына ылайык жаштарга арналган заманбап билет сервиси. Азыркы тапта Казакстанда иш алып баруудабыз, келечекте Борбор Азия мамлекеттерине чыгууну мерчемдеп жатабыз. Анын ичинде Өзбекстан да бар. Сингапурга болгон сапар инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Үч жылдын ичинде «Smart Zholy» акселерациялык программасына 230 команда катышкан. Алардын жеткен ийгиликтери да көңүл жылытарлык. Мисалы, өткөн жылы стартаптардын бири сингапурлук венчурдук фонддун инвестициясына ээ болсо, экинчиси Түштүк – Чыгыш Азиянын мыкты долбоорлорунун ондугуна кирди.

Фото: presidentfoundation.kz