Казакстан менен Украина «акылдуу шаарларды» куруу тажрыйбасы менен бөлүшүүдө

Казакстан менен Украина «акылдуу шаарларды» куруу тажрыйбасы менен бөлүшүүдө

Казакстан менен Украина «акылдуу шаарларды» куруу тажрыйбасы менен бөлүшүүдө. Келечектеги мегаполистер жашоочулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу болушу керек, - деп эсептешет эки өлкөнүн серепчилери. Мындан башка, санариптик технологиялар курчаган чөйрөнү жакшыртууга жана шаардык кызматтардын эффективдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Аны менен бирге, Киев акимчилиги Казакстандын «Сергек» долбооруна кызыгып жатат.

ЮРИЙ НАЗАРОВ, «KYIV SMART CITY» ДОЛБООРУНУН  КООРДИНАТОРУ:

- Бизди Астана шаарында ишке ашырылган видео көзөмөлдөө системасы кызыктырууда. Ал жердеги көзөмөлдөө эки тепкичтен турат. Белгилеп айта турган болсок, фото жана видео фиксациянын аркасында жол эрежесин бузган айдоочу камерага түшөт. Ушул долбоорду быйыл Киевде ишке ашырууну көздөп жатабыз. Аны менен катар, алдыдагы убакытта 42ге жакын долбоор бар.

Фото: 112.international

«Kyiv Smart City» долбоору 3 жыл мурун ишке кошулган. «Акылдуу шаардын» алкагында «ачык бюджет» саясаты – коомдун колдоосуна ээ болгон. Шаардын жашоочусу кандайдыр бир коомдук объектин каражат жана курулуш жумуштары менен тааныша алат. Ошондой эле, мамлекеттик сатып алуунун бардык түрү электрондук системага өткөн, тендер менен аукцион ачык өткөрүлөт.

ЮРИЙ НАЗАРОВ, «KYIV SMART CITY» ДОЛБООРУНУН  КООРДИНАТОРУ:

- Киев жана шаардык акимчиликтин алкагында сатып алууга тиешелүү документтерин электрондук форматка өткөрдүк. Белгилей кетсек, акимчиликтин карамагында 1800 тармактык бөлүм иш алып барат. Арасында, метрополитен сыяктуу мамлекеттик ири объект бар. Сатып алууну электондук системага өткөрүүнүн натыйжасында 100 миллион доллар каражатты үнөмдөй алдык.

Жалпылап алганда, жаңы программаларды киргизүү, ошондой эле казакстандык инноваторлор менен тажрыйба алмашуу элдин өмүр сүрүү деңгээлин көрүнүктүү жакшыртат, - дейт украиналык смарт сити долбоорунун жетекчилери.