Жаштар жылы: ТКЧ тармагындагы инновациялар

Казакстандык студенттер Куаныш Кырыкбаев жана Жарасхан Куаныш уулу өзгөчө ноу-хау ойлоп табышты. Энерго ресурстарды эсептөө куралдарынан маалыматтарды кызмат көрсөтө турган компанияларга берүүгө арналган заманбап түзмөк. Толук казакстандык тетиктер колдонулуп жасалган ойлоп табуунун өздүк баасы төмөн. Ал импортту алмаштыруу маселесин чече алат.

КУАНЫШ КЫРЫКБАЕВ, СҮЛЕЙМАН ДЕМИРЕЛ АТЫНДАГЫ УНИВЕРСИТЕТТИН СТУДЕНТИ:

- Эсептегичтен бериле турган импульстук маалыматтарды санариптик түргө өткөрүү үчүн радиомодемге берилет. Андан кийин маалыматтар LoRaWAN же NB-ІоТ зымсыз радио жыштык интерфейсинин жардамы менен базалык станцияга жиберилет. Бардык турак жай комлексинен маалыматтарды чогулткандан кийин эсептегичтин көрсөткүчтөрү энергия сервистик компанияларга жөнөтүлөт.

Даярдоочулар «акылдуу» түзмөктөрдү колдоонун аркасында эсеп чоттор боюнча катачылыктарды толук жоюуну көздөйт. Ошондой эле, колдонулган ресурстарга гана төлөм жасалгандыктан, каражатты болушунча үнөмдөөгө болот жана бардык жараян ачык болот. Колдонуудагы эсептегич куралдарды аралаштырбай, радиомодемдерди орнотуу мүмкүнчүлүгү каралган. Бузулууга каршы санариптик коргоо да жасалган. Электр жарыгы өчкөн кезде интернетсиз автоматтык түрдө да иштей алат. Казакстандык жаш ойлоп табуучулардын демилгелери Жаштар жылынын алкагында колдоого ээ болот.

БАКЫТЖАН САЛИМОВ, «КазОрталык ТКЧ» АК  БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Долбоордун авторлору азыркы тапта алгылыктуу жумуш бүтүрдү. Ушул убакытка чейин алар бир нече сынакка катышууга жетишти. Акчалай колдоо көрсөтүлүп, өнүмдүн пилоттук дааналары сатып алынды. Келечекте бул өнүмдү жапырт чыгара турган өнөр жайлык уюм да табылып жатат. Анткени бул радио модулдуу тараткычтын башка атаандаштарга караганда артыкчылыктары көп. Мындай маалыматтарды берүү системасы турак жай-коммуналдык чарбасын санариптештирүү программаларын ишке ашыруу кезинде колдонулат.

«КазОрталыгында» ресурстарды эффективдүү мерчемдеп таратууну көздөп жатышат. Бул «Жашыл» экономикага өтүүгө негиз салат. Долбоор борбордогу турак жай комплекстеринин биринде сынактан өтүп жатат. Алдыдагы убакытта ал Астанадагы көп кабаттуу үйлөрдө да колдонула баштайт. Кийин бардык аймактарда киргизилет.